Сасык тумоого чалдыккандар азайды
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоого чалдыккандар
азайганын билдирди. Маалыматка таянсак, 2025-жылдын 4-жумасында (20.01.25 — 26.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 441 учуру жана сасык тумоонун 53 учуру катталган (и.к. 161,9), өткөн жумага салыштырмалуу (03-жума, и.к. 166,2) -2,6%га аз катталган. Ооругандардын 5%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.