Саясат талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров: “Элдик Курултай мыкты институт болушу мүмкүн…”
Өлкөбүздүн коомдук саясий турмушунан четте калбай, сырттагы көрүнүштөргө карата ар убак адилеттүү пикирин билдирип келген Табылды Акеровго бир катар суроолорубузду жолдоп, ынанымдуу жоопторду ала алдык.
— Табылды Абдраманович, 20-21-декабрь күндөрү III Элдик Курултай өткөнү турат. Элдик жыйындын форматы, дегеле жалпы түзүлүшү боюнча тарыхчы катары кандай сунуш берээр элеңиз?
— Элдик Курултай институту мыйзамдашкан соң өткөн жылы бул жыйынга баргам. Курултайга чакыруу, делегаттарды шайлоо өңдүү маселелердин бардыгын тыкыр карап, жакшы нукка келтирсе Элдик Курултай демократиялык мыкты институт болушу мүмкүн. Өткөн жылдагы Элдик Курултайдын Мыктыбек Абдылдаев баштаган уюштуруу катчылыгы бул институт боюнча атайын илимий конференция өткөрдүк. Жеке өзүм Элдик Курултай боюнча илимий макала жазып, бул институтту азыркы абалда кандай пайдаланса болоорлугу боюнча бир катар сунуштарымды киргизгем. Ошол сунуштарымдын биринде акырындык менен парламентти Курултай деп аташыбыз керектигин билдиргем. Анткени, Курултай институту биздин ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан улуу жыйын экендигин, кезегинде эл бийлеген хандар дал ушул Курултай институту аркылуу шайланганы боюнча мисалдар менен айтып чыккам. Ошондуктан, биз Жогорку Кеңешти Курултай деп атап, ал жакка дагы депутаттарды партиялык тизме менен кылып, экинчи бөлүгүн Курултайчыларга бергидей кылышыбыз керек. Тагыраагы, Жогорку жана Төмөнкү палата кылып экиге бөлсөк (мыйзам чыгаруу жана бюджетти карай турган кылып) аябай жакшы болмок.
— Министрлер Кабинетинин Төрагалыгына Адылбек Касымалиевдин келиши менен кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Элге карай салык саясаты “жумшарабы”?
— Министрлер Кабинетинин Төрагасы болгон Адылбек Касымалиев өлкөбүздүн каржы, салык тармактарында кызматтык тепкичтерди ылдыйдан жогорку тепкичтерге карай ырааттуулук менен басып отуруп, чоң тажрыйбага ээ болгон адис. Ал парламентке келгенде эл өкүлдөрүнүн “учурдагы иштеп жаткан министрлердин курамын алмаштырасызбы?” — деген соболуна эч бир орун алмашуу же кызматтан алуу болбостугун билдирди. Бул жагы бир эседен өкүнүчтүү. Анткени, Министрлер Кабинетинин Төрагалыгына келген адам өкмөт курамындагы чабал жетекчилерди аныктап, кашаң жүрүш менен иштегендерин күчтүү кадрларга алмаштырса дурус болмок. Азырынча анын бул жаатта айткан аракеттерин уккан жокмун. Адылбек Касымалиев мурунку Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жетишпей калган салык саясатындагы иштерди улантып, киргизиши мүмкүн. Аныгында алдыда көп саясий окуялар болгону жатат. Азырынча ал салыктардын түрүн ойлоп таап, көбөйткөнгө анчалык деле катуу аракет кылбаса керек. Өкмөттүн башында турган жетекчи катары өлкөнүн экономикасын жана салык системасын турукташтыруу, бул жааттагы мыйзамдарды жакшыртуу боюнча алгылыктуу аракеттерди кылат деп ойлойм.
— Жыл тогошоор алдында турабыз. Өтөөр жыл өлкөдө эмнеси менен өзгөчөлөнүп, эсте калды деп ойлойсуз?
— Узап бараткан жылы өлкөбүздө көп саясий окуялар болду. Экономика жана салык саясаты жаатында Министрлер Кабинети бардык тараптар менен сүйлөшүп, ККМ, ЭТН системаларын киргизе алды. Мындан тышкары Кыргызстанда бийлик тарабынан жемкорлукка жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы өтө катуу күрөш жүрдү. А эң башкысы, узап бараткан жылы далайдан бери талашты жараткан коңшу Тажикстан менен чек ара маселесине чекит коюлду. Мен бул жерден эң ирилерин гана баса белгиледим.
Калыгул Бейшекеев