Сейтек Кулубаев Баткен шаарынын мэри кызматынан алынды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын мэри Кулубаев Сейтек Долотбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.