Белгилүү манасчы, семетейчи, төкмө акын Жаңыбай Кожек уулу 1869-жылы Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Жаңыбайдын жети атасы тең “Манас” айткан. Бирок, Жаңыбайдын акындык тагдыры шыдыр болгон жок. Анын бай чыгармачылык мурасы көптөгөн жылдар бою көмүскөдө калып келди. А чындыгында Жаңыбай Кожек уулу атактуу манасчылар Саякбай менен Сагымбайдан калышпаган улуу талант болгон. Жаңыбай кантип “Манас” айтып калганын өзү мындайча эскерген: “Биздин тукумда манасчылар көп болгон. Бул айтуучулук өнөр атадан балага мурас катары өтө берген. Менин атам да манасчы болгон. Бирок, мен атамдын тирүү кезинде “Манас” айткан эмесмин. Бир күнү кышында атам мени чакырып: “Мен жакында тиги дүйнөгө кетем. Сен менин ордумду ээлеп “Манас” айтышың керек” деди. Ошондон кийин атам алты боз үй тигүүнү буйруп, келген элге түнү бою “Манас” айтып берди. Ал окуядан көп өтпөй атам дүйнөдөн кайтты.
Мен атамдын манасчы бол деген керээзин аткарган жокмун. Бирок, күндөн-күнгө өзүмдү башкача сезип, токтоно албай ээлигип, колума эмне тийсе бардыгын ыргытып, тоо-ташка уруна берчү болдум. Бир күнү Кочкорго кетип баратып, жолдо уктап калыптырмын. Түшүмдө күтүлбөгөн жерден мени көздөй найзаларынын учунда от күйгөн үч атчан келе жатат. Алардын бири мени найзасы менен теше сая көтөрүп алып, чаап жөнөдү. Найзадан мурдагыдай эле от жана берди. Атчандар мага: “сен эмне үчүн атаңдын ишин улантпай койдуң, ошол үчүн жазаланып жатасың” дешти. Анан алар тамак даярдай башташты. Мен аларга “Силер чыныгы адам эмес эле укмуштуудай керемет адам экенсиңер” деп айттым. Тигилердин бири: “Мен Семетеймин, булар Күлчоро менен Канчоро” деп жооп берди. Жанагы тамагы таруу экен. Менин оозума чуурутуп куйду. Бул мага берилген шык эле. Ойгонуп кетсем өз үйүмдө уктап жатыптырмын. Ошондон кийин узакка оорудум. Сакайып, өзүмчө тоого чыгып “Манас” айта баштадым. Бир нече күндөн кийин “Манасты” элге айтып бердим. Ошентип, “Манасчы” болуп калдым”.
Жаңыбайдын “Семетейин” жазып, сактап калууда Каюм Мифтаковдун эмгеги ат көтөргүс. Жаңыбай манасчылардын сынагына катышканы Фрунзеге келет. Сынак филармонияда өтөт. Бирок, анын “Семетейи” эң начар баа алып, өтпөй калат. Анткени, Жаңыбай Кожек уулу “Семетейди” түштүктүк кыргыздардын тили, говору менен айткан. Маанайы түшүп, филармониянын сыртында турса бир киши келип ийинине колун коет. Караса бейтааныш киши. Ал кадимки Каюм Мифтаков болчу. Каюм Мифтаков: “Жаңыбай, сынактан өтпөй калдым деп капа болбо. Мен билем, сен чоң манасчысың. Андан көрө жүр, менин үйүмө баралы. Мен сенден “Семетейди” жазып алайын” деп, үйүнө алып кетет. Ал Жаңыбайды сегиз ай багып, ай сайын манасчыга 200 сомдон акча төлөп берип, 100 басма табак көлөмүндө жазып калган.
Жаңыбай Кожек уулунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу так маалыматтар Виноградов тарабынан да берилген. Ал 1940-жылы чыгармаларын жаздырыш үчүн Курман, Эшмамбет, Коргоол менен бирге Фрунзеде Виноградов менен жолугушкан. Жаңыбай Токтогул жана кыргыз оозеки чыгармачылыгы тууралуу баалуу материалдарды берген. Жаңыбай манасчы Токтогулдун репертуарын түп нускасы менен толук сактап калгандыктан, Виноградов үчүн асмандан издегени жерден табылгандай болгон. Виноградов Жаңыбайдын манасчылык өнөрүн төмөндөгүчө баяндайт: “Ал “Манасты” өзүнчө, башкаларга окшобостон бир түрдүү айткан. Анын көптөгөн варианттарында белгилүү ырларды аткаруу ыкмасы арбыныраак кездешчү. Үнү шашпай, көтөрүңкү чыгып, айбаттуу айтчу. Жаңыбайдын башка манасчылардан айырмасы –шашпай, токтоо, акыл менен көркөмдөп, ошол эле учурда чечкиндүү, шар айткан. Ал эпосту мыкты билген, профессионалдуу төкмөлүк таланты да бар эле. Аткаруучулуктун өзгөчө ыкмасын мыкты билген”.
Эми акындан Эшманбет,
Жеңижок, Курман, Жаңыбай,
Турабыз ошол төртөөбүз, –
деген саптарга караганда, бул төрт акын бирдей даражада экендигин билсе болот. Тоголок Молдо Кетмен-Төбөдө Токтогул менен учурашкандыгы тууралуу ырында Токомдон таалим алган акындарга баа берген:
Жаңыбай болсо кулжыгач,
Өзүмдүн жакын тууганым.
Коного чапса чарчабас,
Айтылуу тулпар бууданым.
Калык “Баскан жол” деген эскерүүсүндө Жаңыбай манасчы жөнүндө: “Токтогул менен бирге жүрүп, жалтанбай топко кирип, Эшмамбетти ээрчип ырдап, Жаңыбайга жанашып, Курманды кууп жетип жүргөн кезимде бир чоң байдын ашында Эшмамбет менен айтышып калды” деп жазат. Бул айтышта Эшмамбеттин мындай ыр саптары бар:
Жаактууга жаа бербес,
Жамгырдай төгүп ырдаган,
Жаңыбайча бар белең, –
деп төкмө ырчы болгондугун айтып жатат. Бул саптар Виноградовдун Жаңыбайдын талантына берген баасы менен үндөшүп турат. Жаңыбай манасчы гана болбостон төкмө акын да болгон.
Жаңыбай Жумгалда төрөлүп, кийинчерээк Токтогул районунда жашап калат. Ал Камыш-Башы айылынан Токтосун кызы Бурмага үйлөнүп Малике, Аккул жана Бермет аттуу үч кыздуу жана Матай аттуу уулдуу болот. Маликеден жана Аккулдан тарагандар азыр да Токтогулдун Өзгөрүш айылында турушат. Ал эми Бермет эл кыдырып “Манас” айтып жүрүп, кийин бүбү болуп кеткен. Уулу Матай да ырдап, элге тааныла баштаганда, жаш кезинде дүйнөдөн кайтып кетет. Жалгыз уулунун күйүтүнө чыдабай Жаңыбай манасчы 1942-жылы дүйнө салат. Анын сөөгү Бууракандагы өйдөчектилердин көрүстөнүнө коюлат.
Белгилүү манасчы, семетейчи, төкмө акын Жаңыбай Кожек уулунун Кыргыз Улуттук илимдер академиясында сакталып калган кол жазмасы боюнча “Семетейдин” үч томдук китеби жарык көрдү. Мындан сырткары анын академиядагы кол жазма архивинде “Манас”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Жаңыл Мырза” жана башка дастандар, ырлар, арман ырларынын кол жазмасы сакталуу бойдон турат. Ал эми “Ак Мөөр” дастаны жөнүндө өзүнчө сөз кылууга туура келет. Тилекке каршы, манасчы Жаңыбай Кожек уулунун мааракеси буга чейин бир дагы жолу мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн эмес. Демек, улуу манасчы, семетейчи, төкмө акын Жаңыбай Кожек уулунун манасчылык өнөрүн, акындык талантын, бай мурасын изилдеп, ага кеч болсо да татыктуу баасын берүү биздин, артындагы урпактардын вазийпасы.
№39 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 26-апрели
Өмүрбек Тиллебаев