"Эркин-Тоо"

“Шамал кайып…”

Бул жарыктын кызыгына канбадым

буйруп келген жакшылыгын жандадым

Чыйрыктырат жазгы сууктай жанымды

чыркыраган чындыгым да, жалганым! — деп жашоо сааттарын поэзияга арнап келе жаткан акын Атахан Кожогуловдун “Шамал кайып” аттуу ыр жыйнагынын бет ачар аземи 13-май күнү Бишкек шаарындагы Т.Эрматов атындагы музыкалык педагогикалык колледжинин чоң жыйындар залында өттү. Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты (1994), Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси (2010)  болгон акындын поэзия кечесине күбө болуп, кыскача маектешип кайттык.

            — Агай, акындын өзгөчө бир учуру – ыр жазып олтурган сааттары же эргип турган абалы кадимки учурлардан эмнеси менен айырмаланып турат? Мына ушул ирмемдерди күтүп анан кагаз, калемди колго кармаш керекпи же?

— Эргүү келет деп кээ бирөө күтүп жүрө берет,менимче аны күтпөш керек. Себеби эргүү келип, кетип да калышы мүмкүн. Аны ыр жазган адам байкабай да калат керек болсо…Сүйүнбай Эралиевдин жакшы бир айтканы бар, “Бүркүт жемин жеш үчүн асманга көтөрүлүп бийик учат, анан качан гана асманга көтөрүлгөндө тээ бийиктен олжосунун кайсы жерде кетип баратканын көрөт” деген. Анын сыңарындай акындар да ак баракты алып жайып коюп, калемди колуна кармап, ары-бери басып ойлонушу керек. Эргүү болсо ар кандай учурларда келет, кээде уктап жатсаң, кээде көчөдө баратсаң келет. Ал эми айрым учурларда ыр жазуунун техникасын мыкты өздөштүрүп алган кээ бир акындар сүйбөй туруп сүйдүм деп, сагынбай туруп сагындым деп жазып коюшу мүмкүн, бирок мындай шартта ыр супсак чыгып калат. Ошондуктан акын жүрөгүндөгү нерсени гана жазыш керек, чыгармасына калп айтпаш керек. Негизи чындап тагдыр күткөн акындарда мыкты чыгармалар жаралат. Алсак, бүгүнкү күндө биз зор сыймык менен сөз кылган Алыкул Осмонов, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев сыяктуу улуу акындардын баарынын өзгөчө тагдыры бар.

— Дал ушул оюңузга улай бир суроо…Негизи акында биринчи талант, шык пайда болобу же өзгөчө бир тагдыр жаралып, андагы эмоция, ички өксүк же жаркын сезимдерден улам акындык шык ойгонуп чыгабы?

-Экөө тең болот, кээде тагдыр да чыгармачылык шыкты ойготушу мүмкүн, чөйрө таасир бериши да мүмкүн. Негизи акындык тубаса берилет да, мына ошол тубаса берилген талантты өстүрүп алуу акындан өз колунда, акын көп окуш керек. Талбаган эмгек менен издениши керек, ар тараптуу болушу шарт.

-Башынан бери эле коомдук турмушка жигердүү аралашып, ар бир күндүн таңында “Заманада” туз эфир алып барасыз, тынымсыз түйшүгүңүз бар дегендей…Мына ушунун баары акындык изденүүңүзгө тоскоолдук жаратпайбы?

— Тескерисинче, мен өз жумушумдан ырахат, эргүү алган адамдардын катарын толуктайм десем да болот.Чыгармачылыкты сүйгөн киши убакытты кандай болсо да табат, анын үстүнө ырга көп деле убакыттын кереги жок, негизи ырды аз жана саз жазыш керек деп ойлойм.

                                                                                                                        Махабат Алымбек кызы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!