ШАМШЫБЕК МЕДЕТБЕКОВ, «Т.УСУБАЛИЕВ АТЫНДАГЫ КООМДУК БИРИКМЕСИНИН» ТӨРАГАСЫ: “ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВ – ДООР ЭМЕС, ТАРЫХТЫН ӨЗҮ”

Турдакун Усубалиев— Кыргызстандын тарыхында бүтүндөй бир доорду аныктаган мамлекеттик ишмер. Анын 25 жылдык жетекчилик мезгили бүгүн да “алтын доор” катары эскерилет. Улуу инсандын мурасын, башкаруу тажрыйбасын жана адамдык сапаттарын жакындан билген замандашы — Шамшыбек Медетбеков менен баарлаштык. 

– Шамшыбек агай, Турдакун Усубалиев жетектеген мезгилди эл “алтын доор” деп атап келет. Мунун себеби эмнеде?

– Жүз жылдын чейрек кылымы — 25 жыл  Турдакун Усубалиевдин жетекчилик дооруна туура келет. Бул жөн эле убакыт эмес, бул — мамлекет түптөлгөн, системалуу өнүккөн доор. 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргызстан бардык тармактарда — өнөр жайда, энергетикада, айыл чарбада, социалдык чөйрөдө олуттуу жетишкендиктерге жетишкен. Ошол себептен эл бул мезгилди “алтын доор” деп айтып жүрөт.

Ал убакта республика союздун ичинде болгону менен өзүнүн өнүгүү жолун, приоритеттерин так аныктаган. Курулуштар жүрдү, завод-фабрикалар ачылды, кадрлар даярдалды. Баары кокустук эмес, мамлекеттик пландоонун негизинде ишке ашкан.

– Бүгүнкү күндүн бийлиги ошол доордон сабак ала алабы?

– Албетте. Үйрөнө турган нерсе абдан көп. Турдакун Усубалиев 8 томдук мемуар жазып кеткен. Ал эмгектерде ар бир тармак боюнча кандай чечимдер кабыл алынганы, кандай шартта иш жүргүзүлгөнү, кандай тоскоолдуктар болгонун ачык жазган. Бул —  даяр тажрыйба, даяр мектеп.

Азыркы жетекчилер ошол эмгектерди окуп, анализ кылса, бүгүнкү кырдаалга да ылайык көп нерсени колдонсо болот. Себеби, принциптер өзгөрбөйт: жоопкерчилик, тартип, узак мөөнөттүү ой жүгүртүү.

– Турдакун Усубалиевдин бүгүн да актуалдуу болгон чечимдерине мисал келтирсеңиз…

– Мисал абдан көп, бирок эң негизгилеринин бири — суу жана энергетика саясаты. Турдакун Усубалиев суу объектилерин пайдалануу боюнча мыйзамдын автору болгон. Ал мыйзамда суу газ же нефть сыяктуу эле Кыргызстандын улуттук байлыгы катары таанылган.

Ошонун негизинде биздин сууну пайдаланган Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр суу объектилерин оңдоо, тейлөө үчүн Кыргызстандын бюджетине каражат төлөп турушкан. Бул — мамлекеттик кызыкчылыкты коргой алган чечим.

Андан тышкары, Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 долбоорлору, Токтогул ГЭСи боюнча стратегиялык пландар ошол мезгилде эле каралган. Көкөмерен дарыясына 30га жакын ГЭС курууга боло турганы иликтенип, кайсы жерге куруу керектиги так аныкталган. Бул материалдардын баары архивде сакталып турат.

– Сары-Жаз долбоору тууралуу да айтылып келет…

– Туура. Сары-Жазды комплекстүү иштетүү боюнча чоң план бекитилген. Анда гидроэнергетика менен катар кен байлыктарын иштетүү да каралган. Бул долбоор Турдакун Усубалиев кызматтан кеткенден кийин токтоп калган. Бүгүн ошол пландар кайрадан көтөрүлүп жатканы  кубандырат. Демек, убакыт өтсө да туура чечимдер өз маанисин жоготпойт экен.

– Сиз Турдакун Усубалиев менен жакын мамиледе болуптурсуз. Инсан катары кандай адам эле?

– Мен Турдакун Усубалиев  менен 20 жылдай жакын жүрдүм. Турдакун Усубалиев – өтө кыраакы, чынчыл, өзүнө да, башкаларга да талапты катуу койгон инсан болчу. Бир да жолу “жеп-ичти”, “мыйзам бузду” деген дооматка калган эмес.

Үй-бүлөдө да жөнөкөй, мээримдүү ата, камкор чоң ата эле. Балдары, неберелери менен сүйлөшкөнүн көрчүмүн — ар дайым акыл-насаат айтып, тарбияга өзгөчө көңүл бурчу.

– Анын эс-тутуму тууралуу көп жакшы сөздөр айтылат… Чын эле эс-тутуму күчтүү беле?

– Чын эле өзгөчө болчу. 90дон ашкан мезгилинде да Кыргызстандын кайсы облусу болбосун айылдарын, мурдагы жетекчилерин, алардын ишмердүүлүгүн так айтып берчү. Бул жөн гана эс тутум эмес, бул – мамлекетке болгон жоопкерчиликтин, кызыгуунун белгиси.

– Турдакун Усубалиев менен Исхак Раззаковду салыштырып, каршы койгондор да бар го?..

– Бул – чоң ката. Экөө тең кыргыздын чыгаан уулдары. Турдакун Усубалиев Исхак Раззаковдун окуучусу болгон. Раззаковдун кызы да “атам Турдакун Усубалиевди өз окуучум деп сыймык менен айтчу” деп эскерген.

Экөөнүн учурунда Кыргызстан өнүгүп-өскөн. Бири-бирине каршы коюп жамандагандар бүгүн да бар, бирок тарых алардын ким экенин мезгили келгенде өз ордуна коёт. Түндүк-түштүк темасына байланыштырып жамандагандар да бар. Бул – элди бөлгөн, мамлекетке зыян алып келген түшүнүк. Улуу инсандарды аймакка бөлүп жамандагандар өздөрү тарых алдында жооп берет.

– Турдакун Усубалиевдин ысымын түбөлүк калтыруу үчүн атын Кочкорго берүү маселеси айтылып, жакындары макул болбой койду эле. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

– Кочкор айылы шаар макамына жетип калды. Бирок ар бир жердин өзүнүн тарыхый аты бар, аны өзгөртүү туура эмес. Анын ордуна Бишкек шаарынын райондоруна Турдакун Усубалиев, Исхак Раззаков, Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу инсандардын ысымын берүү туура  деп эсептейм.  Ошондо элдин эсинде калат, кийинки муун унутпайт.

– Кызматтан кеткенден кийинки жашоосу кандай болду?

– Ал элден качкан жок. Эркиндик бульварындагы үйүнөн жөө Борбордук китепканага барып, күнүнө 7-8 саат мемуарларын жазчу. Жан сакчысы жок эле жүрчү. Бардык текшерүүлөрдөн өтүп, үч жыл күрөшүп, КПССке мүчөлүгүн калыбына келтирген. Бул — “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендин далили.

Борбордук китепканага консультант болуп орношуп, ошол жерден мемуарларын баштаган.

– Сиз үчүн Турдакун Усубалиев ким?

– Мен үчүн ал – доордун символу, улуу мамлекеттик ишмер, кыргыздын чыныгы патриот уулу. Ушундай инсан менен жакын жүрүп, ой бөлүшкөнүмө тагдырыма ыраазымын. Анын акыл-насаатын толук жаздырып, камерага сактап калууга жетишпей калганыма абдан өкүнөм.

– Баса,  Турдакун Усубалиевдин 105 жылдыгына арналган иш-чара кайда өттү?

– 11-декабрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде илимий-практикалык конференция өттү. Ал «Мамлекеттик башкаруудагы улантылган салттар: өткөндүн сабактары жана бүгүнкү чакырыктар» деген темада уюштурулду.  Апас Жумагулов, Миталип Мамытов, Аскар Салымбеков, Абдыганы Эркебаев, Муратбек Мукашев, Осмонакун Ибраимов, Нур уулу Досбол, Шамил Атаханов сыяктуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышып, доклад жасашты. Турдакун Усубалиевдин мамлекетчил инсан катары ролуна, анын 25 жылдык башкаруу доорундагы жетишкендиктерине жана башкаруу тажрыйбасынын бүгүнкү күндөгү маанисине токтолушту. Ошондой эле конференциянын алкагында профессор, тарых илимдеринин доктору Жамикат Өмүрованын Турдакун Усубалиевдин башкаруу мезгилиндеги маданият, өнөр жай жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы өзгөрүүлөргө арналган монографиясынын бет ачары болду. Бул конференция өткөн тарыхты эскерүү менен катар, бүгүнкү мамлекеттик башкаруу үчүн сабак берген маанилүү аянтча болду.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X