Шашылыш билдирүү!

12-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 30

Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу бүгүн, 12-апрелде өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305 (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94 (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 65-90 (Чон-Ашуу ашуусу) чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Айрым жерлерде жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Эскертүү! Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

12-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X