Шаурмадан уулангандардын саны 23кө жетти
Үстүбүздөгү жылдын 15-январь күнү жарандар Бишкектеги «Даамдуу» тез татым түйүнүндө тамак-аштан ууланышкан. Алардын саны учурда 23кө жетти жана анын 5өө балдар.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 18 адам ооруканага жаткырылып, стационардык дарыланууда, бейтаптардын абалы туруктуу. 5 адамдын абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлгөн.
Белгиленгендей, эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө бардык жабыркагандар 15-январда аталган тез татым түйүнүнөн сатып алынган шаурманы колдонгону аныкталган. Ар кандай бейтаптарда алгачкы белгилер бир сутканын ичинде пайда болуп, андан кийин медициналык жардамга кайрылышкан. Бардык жабыркагандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн клиникалык материалдар алынган.