"Эркин-Тоо"

Швейцария менен Чехиядан асыл тукум букалар келет

Кыргызстанга Швейцария менен Чехиядан асыл тукум букалар келет. Бул тууралуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун директору Рахатбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан швиц, симменталь жана абердин ангус породасындагы 8 баш буканы сатып алууга каражат бөлүнгөн.

«Бул букаларды тукум алуу үчүн алып жатабыз. Биздин өлкөдө мындай породалар бар. Бирок, алардын сапатын сактоо үчүн, дайыма жаңыртып туруу керек. Бул букалар тукум берүүчү букалар болуп саналат жана алардан алынган уруктарды тоңдурабыз. Алынган уруктар жасалма уруктандыруу жолу менен республиканын ири мүйүздүү малдарынын асыл тукумдук сапатын жакшыртуу үчүн колдонулат», — деди ал.

Белгиленгендей, жасалма уруктандыруунун эсебинен малдын пайда берүүчү өндүрүмдүүлүгү жогорулайт. Натыйжада эт жана сүттүн өздүк наркы төмөндөп, азык-түлүк коопсуздугу камсыздалат.

«Асыл тукум букаларды алып келген жеке тараптар алардын уругун 1 миң 500-2 миң сомдон сатса, ал эми мамлекет элге 300 сомдон сатат. Бул абдан арзан жана асыл тукум мал баккан фермерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Бүгүнкү күндө сан эмес, сапат маанилүү», — деди ал.

Пример HTML-страницы