Согушка катышкан ардагерлерге бир миллион сомдон берүү сунушталды
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, 9-май — Жеңиш күнүнө карата бир миллион сомдон бөлүп берүү боюнча сунуш киргизилди. Бул тууралуу бүгүн-9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Равшан Сабиров билдирди.
Анын айтымында, 9-майда тарыхта эң коркунучтуу аталган согуштардын биринин аяктаганынын 77 жылдыгын белгилейбиз.
«Быйыл жеңиштин 77 жылдыгы болот. Бизде ардагерлер өтө аз, алардын ар бирине бир миллион сомдон бөлүп берүү маселесин карап, чечип берүүңүздөрдү суранам», — деди Равшан Сабиров.