Сокулукта үйдөн 120 миң сомдук буюмдарды уурдагандар кармалды
Сокулукта үйгө уурулар кирип, баалуу буюмдарды алып кетишкендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Н.Т., аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар Сокулук районундагы батирине уурулукка киришкендигин билдирген. Уурулар үйдөн 1 миң АКШ долларын, 15 миң сом, «Леново» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана күмүш буюмдарын алып чыгып кетишкен. Чыгашанын жалпы суммасы 120 миң сомду түзгөн.
Милициянын маалыматына караганда, уурулук жасап жатканда батирге үй ээсинин жашы жете элек кызы кирип келгенде, кылмышкерлер анын көзүнө баллондон зат чачып, качып кетишкен.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун 35 жаштагы Ж.Б., 60 жаштагы Б.В., аттуу тургундары (кылмыштын уюштуруучусу) жана 26 жаштагы Ысык-Көл облусунун А.Ж., аттуу үч адамдан турган кылмыштуу топ кармалган. Үчөө тең мурда соттолгон.
Буюм далилдер, уюлдук телефон, ачкычтар алынган. Кармалган жактар Чүй облусунун Сокулук РИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.
Азыркы учурда аталган жарандардын башка ушуга окшогон кылмыштарга тийиштигин текшерүү жүргүзүлүүдө.
