Сокулукта уурулук кылмыштардын алдын алуу боюнча рейд жүргүзүлүүдө
Сокулукта уурулук кылмыштардын алдын алуу боюнча, “Ууру” аталыштагы рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматы, милициянын
аймактык тескөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы,
Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери катышышты.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жаңы конуштардагы
жашоочуларга милиция кызматкерлери рейд иштерин жүргүзүп, 100 дөн ашык
жашоочулар текшерилген. Алардын ичинен мурда соттолгон жарандар — 26, жаза
мөөнөтүн өтөп келген — 20, дайыма спирт ичимдигин колдонгон — 8, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча каттоодо турган -18, ок атуучу курал-жарак сактаган -35 болгон.
Жыйынтыгында, 85 жаран ИИОнун имаратына жеткирилип,
60дан ашуун жарандан дактилоскопиялык кол издери алынган.
Мындан тышкары, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жашоочуларга, соода-сатык жайларына, тейлөө көрсөтүүчү имараттарга эскертме кагаздары берилди.
Ошондой эле, мектептерде жогорку класттын окуучуларына кылмыштуулук боюнча сабактар өткөрүлдү.