Советтик космонавт Владимир Шаталов дүйнөдөн кайтты
Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, учкуч-космонавт Владимир Шаталов 94 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты деп кабарлады РИА “Новости”.
Шаталов космоско үч ирет учуп, 1969-жылы январда дүйнөдө биринчи жолу “Союз-4” жана “Союз-5” учуучу кемелерин жалгаштырган. Ал Алексей Елисеев менен космоско үч ирет учкан космонавттар болуп саналышат. Шаталов 1987-1991-жылдары Космонавттарды даярдоо борборунун начальниги болгон.