СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76
Бүгүн, 22-октябрында кыргыз опера искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маркум менен коштошуу аземи Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында башталып, андан соң театрдын имаратынын алдындагы аянтта уланды. Зыйнатка мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, кесиптештери, шакирттери, жакындары жана анын чыгармачылыгын баалаган мекендештер катышып, залкар таланттын жаркын элесине таазим кылышты.
Аза күтүү аземинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын эмгек баатыры, Кайыргүл Сартбаеванын кесиптеши Муратбек Бегалиев жана маркумдун иниси Касымбек Бакиров сөз сүйлөп, анын кыргыз маданиятына кошкон зор салымын белгилешти.
Кайыргүл Сартбаеванын дүйнөдөн кайтышы улуттук маданиятыбыз жана Кыргызстандын опера искусствосу үчүн орду толгус жоготуу болду. Анын кайталангыс үнү, бийик аткаруучулук чеберчилиги жана искусствого болгон ак дилден берилгендиги кыргыз музыкасынын тарыхында өчпөс из калтырды.
Маркумдун сөөгү мамлекеттик «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Кайыргүл Сартбаева чыгармачылык өмүрүндө 50дөн ашуун опералык партияны аткарып, Айчүрөк, Аида, Каныкей, Калыйман, Татьяна, Мадам Баттерфляй жана Дездемона сыяктуу дүйнөлүк жана улуттук опера искусствосундагы көрүнүктүү образдарды жараткан. Анын өнөрү Кыргызстандын чегинен тышкары да жогору бааланып, кыргыз улуттук искусствосун эл аралык деңгээлде таанытууга зор салым кошкон.
Ырчынын аткаруусундагы ариялардын, романстардын жана ырлардын 600дөн ашуун жазмасы Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын алтын фондуна жана КМШ өлкөлөрүнүн телерадиофонддоруна киргизилген. Бул — келечек муундарга калтырган баа жеткис музыкалык мурас.
22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X