Стамбулда кыргыздын боз үйү тигилип, маданият үйү ачылды

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

Түркиянын Стамбул шаарында «Кыргызстан маданият үйүнүн» этномаданий көргөзмөсү расмий түрдө ачылды. Ачылыш аземи 23-ноябрда Түрк дүйнөсүнүн маданий кварталында өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков, Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев, Стамбулдагы башкы консул Чыңгыз Токтобеков жана мекендештер катышты.

Ачылыш аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын концерттик программасы менен коштолду.

Көргөзмөдө кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү, этнографиялык буюмдары жана салттуу турмуш-тиричилигин чагылдырган экспонаттар коюлган. Анда боз үй да орун алып, кыргыз элинин меймандостугун жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырат.

Министрдин орун басары Айбек Дайырбеков көргөзмө кыргыз элинин маданий мурасын жана улуттук баалуулуктарын Түркияда таанытууга, эки элдин тарыхый жана руханий байланышын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Иш-чаранын соңунда делегация «Серен 1453» тарыхый музейине экскурсия жасады.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X