СУГАТ СУУ ЖЕТИШСИЗДИГИ КҮТҮЛҮП ЖАТАТ ЖЕ ДЫЙКАНДАР ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕК?
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдөгү дыйкан-фермерлерге кайрылып, быйыл сугат суу жетишсиздиги күтүлүп жатканын эскертти.
Министрлик климаттын өзгөрүшү жана жаан-чачын аз жаап жатканын негиздеп, быйылкы жылдагы вегетациялык мезгилде суу ресурстарынын тартыштыгы ыктымалдыгын билдирип, “Ушул себептен, сугат суусунун көлөмү чектелүү болуп, айрым аймактарда суунун жетишсиздиги күтүлүүдө. Дыйкан-фермерлерди учурдагы кырдаалды түшүнүүгө жана сууну үнөмдөөчү ыкмаларды колдонууга өз үлүшүн кошууга чакырабыз», — деген маалымат таратты. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды сууну үнөмдөп, тамчылатып жана жамгырлатып сугарууну, сууну аз талап кылган эгин, жашылчаларды өстүрүүгө жана кургакчылыкка чыдамдуу үрөн себүүгө өтүүнү сунуштады. Биз техника илимдеринин кандидаты, буга чейин сугат системасын колдонуунун ыкмаларын өздөштүргөн фермер Манас Саматовго кайрылып дыйкандардын мындай абалга даярдыгы тууралуу маектештик.
– Манас агай, жакында министрлик сугат суунун тартыштыгы орун алат деген кабар таратты. Дыйкан, фермерлер жазга кандай даярдык көрүп жатасыздар?
– Министрлик бизге эскертүү берди. Эскертүү берүү жакшы. Биз эми сугат суунун тартыштыгын алдын алуу боюнча жасалган чараларды көрүүнүн үстүндө иштешибиз зарыл болууда. Сугат суу тартыш болот экен деп олтура берүүдөн ким пайда табат? Климаттын өзгөрүшү дүйнөлүк деңгээлде болуп жаткан көрүнүш. Ошол дүйнөлүк көйгөйдүн биздин шартта динамикасы кандай болууда. Сууга болгон мамилебиз кандай? –деген суроолордун үстүндө ойлонушубуз зарыл болуп калды. БУУ да быйыл кургакчылык болоорун кыйытып жатат. Ал ортодо дүйнөлүк державалар айыл чарбасын согуштук куралданууну кандай күчтөндүрсө, ошондой эле өнүктүрө башташты. Андыктан, сууга болгон мамилени өзгөртүү, айыл чарбасын көтөрүү кечиктирилгис чаралардын катарында.
– Өткөн Курултайда да айрым делегаттар суу тартыштыгы боюнча маселе көтөрүштү. Президент аларга маселе чечилип жаткандыгын билдирди.
– Биринчиден бийлик өкүлдөрүнөн бизге суу бергиле деп эч кимибиз талап кыла албайбыз. Анткени суу министрдин же акимдин буйругу менен эле келип калбайт. Адамзат жаратылышынан бузуку болот. Биз жаратылышка каршы иштеген жандыктардын бирибиз да. Жаратылыш менен тил табышып жашай албай жаткандыгыбыздан улам мүмкүн ушундай абалга кептелдик. Сугат сууну үнөмдүү пайлануу керектигин билсек да, аны кор кылып келдик. Негизи сугат системасы — тамчы, жамгыр, жер асты болуп үчкө бөлүнөт. Булардын ичинен эң жакшысы тамчы сугат системасы. Азыр дыйкандар “басым сугат” системасын жайылтуунун үстүндө да иштеши зарыл. Кыргыздын жеринин өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу кажет. Алсак, Чүйдө жамгыр сугат системасы ыңгайлуу. Себеби, жердин кыртышы ошого ылайыктуу. Тоолуу аймактар үчүн басым, тамчылатып суугаруу туура. Жамгырлатып, тамчылатып сугаруу сугат суусун 50%дан ашык үнөмдөйт. Түшүмдүүлүк 80%га көбөйөт. Ал системаны куруу чоң каражатты талап кылат. 1 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасын куруу үчүн 3500 долларга чейин каражат жумшалууда. Ал эми сунун башы кургап, мөңгүлөр ээрип тездик менен тартылып кетпеши үчүн Алайкуу, Ат-Башы, Чаткал сыяктуу тоолуу аймактарга чычырканак плантацияларын уюштуруубуз керек. Бирок менен эки коёнду атып, анын мөмөсүн пайдалансак, бадалдары мөңгүлөрдөгү шарттарды жакшыртууга өбөлгө болот. Климаттын өзгөрүшүн бир гана жашылдандыруу алдын ала алат. Биз сугат системасын курсак эле маселе чечилип калбайт да. Башкысы, суунун башы кургап калбашы керек.
– Ирригациялык тутумдарды жаңылоо иштерине кандай баа бересиз?
– Бул жагынан өкмөткө ыраазычылык айтсак жарашат. Каналдардын абалына мурда эч ким кызыкпаган. Мисалы, Чүй өрөөнүндө суу башы деп Кемин району эсептелет. Ал эми аягы Кайыңдыда. Маселе ошол сууну Кеминден Кайыңдыга чейин жоготпой алып келүү, тең бөлүштүрүүдө жатат. Азыр дыйкандардын сабатсыздыгы жоюлду. Фермер, дыйкандар сугат суу тартыш боло тургандыгын билип, алдын ала суу сактоочу бассейндерди куруп, аларга суу толтуруп, жазга даярдык көрө башташты. Кышында суулар жөн эле агып жатпайбы. Ушул күндөрдө бассейндерди толтуруп алсак, ал жазда колдонулат. Андан тышкары ар бир фермер өзүнө тамчы сугат көлмөсүн курууга өттү. Бир гана кемчилик каржылоо маселесинде бар деп айта алам. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бюрократиялык жаман адаттарынын аркасы менен айрым бөлүнүп берүүгө милдеттүү болгон каражаттарды кечиктирип келишет. Ал эми жазгы талаа жумуштары кечигүүнү кечирбейт.
– Жакында жазгы талаа жумуштары башталат. Быйыл дыйкандарга кандай кеңеш бересиз? Биз кайсы айыл чарба азыктарын өндүрүүгө басым жасашыбыз керек.
– Бир эле формула бар. Сиздин үй-бүлөгө салмактуу киреше алып келе турган техникалык өсүмдүктөрдү сээп, бак отургузуп киреше табыңыз. Албетте жердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен. Азыр интернеттин заманы, илимге басым жасаңыз. Баарын эсептеп, пландап иш кылыңыз. Ким иштин көзүн билсе, ал сөзсүз кирешеге чыгат. Кайсы өсүмдүктү кандай мезгилде себүү, эгүү керек? Аны сактоонун шарттары, карап, жетилтүү сыяктуу маселелер негизгилерден. Дыйканчылыкты билгендерден кеңеш суроо да маанилүү. Айыл чарбасында тынымсыз өнүгүү болуп жатат. Андан артта калгандар пайдасыз калышат.
Жазгүл Кенжетаева