Сузак районунун Барпы айыл аймагында дыйкан лимон өстүрүп, андан 800 килограммга чейин түшүм алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Алынган түшүмдүн бир бөлүгү жергиликтүү базарларда сатылууда. Учурда күнөсканада банан, курма, лимон, мандарин заманбап агротехникалык ыкмаларды колдонуу менен өстүрүлүп жатат. Дыйкан келечекте күнөсканасын кеңейтип, тропикалык өсүмдүктөрдүн түрүн көбөйтүүнү пландап жатат.

