Сузакта кылмыштуу топтун мүчөсү жергиликтүү тургундун 29 баш коюн тартып алган

Жалал-Абад облустук милициясы Сузак районунун тургунун опузалап коркутуп 29 баш коюн тоноп алган шектүүнү кармады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-июль күнү Сузак районунун Орто-Азия айылынын тургуну С.Ж. арыз менен кайрылып, Сузак районунун Благовещенка айылында жайгашкан мал базарында өзүнө сырттан тааныш болгон «Таке» аттуу бала эч бир себепсиз ачык айкын коркутуп жалпысы 29 баш козу кочкорлорун тартып алып, 300 миң сомдук материалдык зыян келтирилгенин билдирген.

Бул арыз боюнча топтолгон материалдар КБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин («Тоноо») негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында «Таке» аттуу жаран кылмыштуу чөйрөнүн активдүү мүчөсү 1994-жылы туулган Сузак районунун тургуну А.Т.С. экендиги жана анын жашаган дареги такталган.

Тергөөгө келбей изин жашырып жүргөн А.Т. Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана ИИМдин 7-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалып, 12-майда Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда анын баш коргоо чарасын кароо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!