Сыргабаев: Бул жылы Жалал-Абадда 10 чакан ГЭС куруу планы бар

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 54

Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын аягына чейин 10 чакан ГЭС куруп, пайдаланууга берү пландалып жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин облустук бийлик тарабынан ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар ички жана сырткы  инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Азыркы учурда жумуштар коюлган план боюнча аткарылууда.

“Биз бардык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Алардын басымдуу бөлүгү ички инвесторлор. Мында облустун Токтогул районуна 2, Кара-Көл шаарына 1, Аксы районуна 2, Чаткал районуна 2, Базар-Коргон районуна 2, Сузак районуна 1 чакан ГЭС куруу пландалды. Азыркы учурда Сузак районунда  кубаттуулугу 2400 кВт саат электр энегриясын өндүргөн чакан ГЭСтин курулушу 50 пайызга аяктап калды. Калган аймактарда март айынан жумуштар башталат. Мындан сырткары мамлекеттин гранттык каражытынын эсебинен чакан ГЭС куруу нитетин билдирген ишкерлер да бар. Алардын сунуштарын Минситрлер Кабинетине жибергенбиз. Бул аракеттерибиз муктаждыктан келип чыккан өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштыкты жөнгө салуу»,-деди Сыргабаев.

Облус өкүлү Чаткал районунда чет өлкөлүк инвесторлор менен бир ири ГЭС куруу боюнча долбоордун ТЭОсу (техникалык-экономикалык негиздемеси) иштелип жатканын кошумчалады. Негизинен Жалал-Абад облусунун бардык райондорунда чакан ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар.

to.jpg» alt=»» width=»6720″ height=»4480″ /> 16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 54

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X