Түндүк-Түштүк жолунун курулушун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын биринчи отуруму болот

Бүгүн, 14-июнда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушуна байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын биринчи отуруму болот. Жыйында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Эсеп палатасынын өкүлдөрү тарабынан маалымат берилет.

Комиссиянын курамына 12 депутат кирген: Саматбек Ибраев, Максатбек Эгембердиев (КСДП), Марлен Маматалиев, Акыл Кемелов («Республика-Ата-Журт»), Султанбек Анарбаев, Улугбек Садиков («Кыргызстан»), Уланбек Исмаилов, Мейкинбек Абдалиев («Өнүгүү-Прогресс»), Аманкул Токтомамбетов, Нурбек Мурашев (“Бир Бол”), Бурун Аманова, Шералы Абдылдаев (“Ата Мекен”).

Белгилей кетсек, комиссия 2021-жылдын 3-июнунда түзүлгөн. Комиссиянын төрагасы – депутат Аманкул Токтомамбетов.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X