"Эркин-Тоо"

Түркмөн акыны Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан 1-декабрда түркмөн элинин акыны Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Махтумкули Фрагинин адамзатты руханий жана маданий баалуулуктарындагы орду” аттуу панел уюштурулду.

Иш-чарага Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, университет жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев түркмөн адабий тилинин негиздөөчүсү деп саналган улуу ойчулдардын этностук биримдиктин калыптанышында жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга байланыштуу жетишкендиктеринде чоң роль ойногондугун билдирди. Ошондой эле түркмөн мектептеринин негизин түзгөн акындардын, айрыкча Махтумкули Фрагинин бийик адеп-ахлактык пикирлерин, дүйнө таанымын, идеалдарын камтыган чыгармалары өсүп келе жаткан муунду шыктандырган булак экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек иш-чара Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулду.

Пример HTML-страницы