"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Төө-Ашуу: Деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте туннель курулат

Бүгүн, 2-декабрда, Транспорт министрлиги, Улуттук инвестиция агенттиги жана «Тез Жол» компанияларынын консорциуму Төө-Ашуунун аймагында «Келечек» альтернативдик туннелин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюшту.

Жалпысынан 11,5 чакырым узундуктагы жаңы туннель деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте курулат. Бул курулуш айдоочулар үчүн коопсуз жана үзгүлтүксүз каттамды камсыздоого багытталган.

Долбоордо эки төлөм алуу пункту, жалпы 31,3 МВт кубаттуулуктагы эки кичи ГЭС жана заманбап башкаруу системасы да каралган.

Иштин жалпы баасы 640 млн доллар болуп, толугу менен жеке өнөктөш тарабынан каржыланат.