Төө-Ашуудагы автоунаа кыймылына чектөө киргизилди

26-октябрь, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 43

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, чектөө бүгүн, 26-октябрда саат 11:40тан тартып киргизилди, аба ырайы жакшырганга чейин уланат.

Маалыматка ылайык, ашууда кар бурганактап жаап жатат. Транспорт ишканалары жолду кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканын министрлик маалымдады.

Кыргызстанда 17-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. «Кыргызгидромет» өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 25-октябрдан тартып бир катар облустарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганы маалымдалган.

26-октябрь, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X