Түндүк айланма жолдун 15 чакырымы быйыл ишке берилет

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75

Жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү, жол тыгынын алдын алуу максатында Алматы – Бишкек – Ташкент жолунун 230-236-чакырым аралыгында жайгашкан эки деңгээлдүү үч жол түйүнү каттам үчүн убактылуу пайдаланууга берилди. Жаз алды менен асфальт басуу иштери уланат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан кышкы курулуш нормаларын сактоо менен калган тилкелерде жер жумуштары уланууда. Сыргабаев курулуш иштеринин сапатына жана графикке ылайык жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл аталган жолдун 15 чакырымы, тагырагы Алматы – Бишкек – Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктайт деп күтүлүүдө.

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X