Түндө Молдовановкадагы абактан качып бараткандардын бири кармалып, экинчиси каза болду

ЖАМКтын басма сөз кызматы бүгүн, 26-майга караган түнү саат 02:40 чамасында Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү абагынын негизги тосмосунан эркиндиктен ажыратылган эки жаран  качып чыгууга аракет кылганын билдирди.  Маалыматка таянсак, түзөтүү абактарын күзөтүү боюнча департаменттин аскер кызматкери камактагы жарандар — 1963-жылы төрөлгөн Т.Т. менен 1999-жылы төрөлгөн К.И. тыюу салынган аймакта жүргөнүн көрүп, алгач эскертүү кылган.  Натыйжада андан кийин ок чыгарылып, камактагы жарандын бири кармалып, бири көз жумган. Абактан качкан экөө оор кылмышка — адам өлтүрүү жана өспүрүмдү зордуктоого айыпталган. Бири 10 жылга, экинчиси 21 жылга эркиндигинен ажыратылган болчу. Учурда тергөө  иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X