Төрт жаштагы балдар сууга чөгүп кетишкен

3-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80

Сокулукта төрт жаштагы үч кичинекей бала көлмөгө чөгүп каза болду. Окуя Жаңы-Пахта айылында болгон. Балдардын сөөгүн жергиликтүү тургундар алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аталган факты мыйзамда белгиленген тартипте катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерге барганда үч баланын тең табылганы, алардын сөөгү каналдан чыгарылганы, бирок тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калышканы аныкталган.

3-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X