Таалайбүбү Абдырасулова: Бакемдин элесин окурмандар журту менен бирге эскерип турмакчыбыз

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эскертүү 185

Кезегинде “Алиби”, “Ачык Саясат”, “Назар” аттуу оппозициялык басылмаларды түптөп, негиздүү сындары менен бийликке каш кайтарып, кийинчерээк Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын эки ирет жетектеген Бабырбек Жээнбеков көзү тирүү болсо 1-сентябрь күнү 75 жашка чыкмак. Мындан 7 жыл мурун бул жарыкчылыктан кош айтышкан белгилүү саясий ишмер, курч тилдүү калемгерди анын 26 жыл бирге жашаган жубайы Таалайбүбү эже менен бирге эскерип, рухуна таазим кыла отурдук.

-Таалай айым, бүткөн бою, турган-турпатынан өйдө чындыктын жарчысына айланган Бабырбек Жээнбековдун жубайы болуу жоопкерчиликпи же?.. Дегеле Жээнбековго жубай болуу кандай жүк болчу?

-Ким кандай десе ошондой десин, мен Бакеме өмүрлүк жубай болгонума сыймыктанам. Биз ак никеде 26 жыл чогуу жашадык. Бул аралыкта майда-барат көрпенделикке (көбүн эсе мен аялдык кылып) салып “ыйкы-тыйкы” болгонубуз менен жамандыгын көргөнүм жок. Өзүң жакшы билесиң Бабыр байкеңер интеллигент, билимдүү, адамкерчилик сапаттарга бай өтө бийик жан болгон. Анын балага баладай, аялга өзүнчө, теңтушка теңтуштай мамилеси өзгөчө сөз кылууга арзыр эле. Ал эми адамзаттын асылы болгон мындай инсанга өмүрлүк жар болуу албетте, жоопкерчилик, бир эседен сыймык болчу дээр элем. Убагында мындай жоопкерчиликти анчейин баалабаганым менен анын көзү өткөн соң кадырын, арабызда болбостугун өзгөчө билип, ушунчалык жаман абалда караанына зар болом…

Жан-дүйнө майрамын эңсеген, табиятынан мырза сапаттарга ээ, бае мүнөз Бакебиздей шеф менен бирге иштешүү менин да тагдыр-тапшиме туш болгонун сыймык менен айта алам. Күрөшчүл инсан артына кандай аманат калтырып кетти? Калтырса андай аманатты аткаруу колуңуздан келдиби?

-Өмүрүнүн соңку ирмемдеринде, тагыраагы, бу жарыкчылыктан биротоло коштошооруна 10 күндөй калганда ага-тууган, бала-бакырасын чакырып, аларга бир тууган иниси менен карындашына көз сала жүрүүлөрүн айтканы бар. Анда кызы Рахат тамаша-тооруй “атамдын тууганчылыгы дагы деле калбайт тура. Кичүү кызы Лаззат кичине, ошол кызын турмушка узаткыла деп айтабы десем ал жөнүндө унчукпай, неберлери бар бир туугандарын бизге дайындаганы кандай?” – деп күлгөн. Аныгында Бакем ашкере тууганчыл, бир туугандары дегенде ичкен ашын жерге койгон жан болчу. Анын артында калган биздей жакындарына калтырган бирден-бир керээзи бир туугандарына көз салып коюшубузду өтүнгөнү болду деп ойлойм.

Анын курч калеми астында жазган аналитикалык макалаларын, алдыда кандай каарман болбосун образын ачкан маектерин, “мээге чапкандай” курч билдирүүлөрүн жыйнап, чыгаан калемгерге калем менен кара сөздөн эстелик тургузуу жер жайнаган шакирттери болгон бирибиздин же үй-бүлөсүнүн амири менен ишке ашпай жатканы бир эсе мени да бушайманга салып жүрөт… Мындай ойлор сизди да түйшөлтөбү?

-Чыгаан калемгер катары өзү “70 тен ашык шакирттерим бар” – деп айтып калар эле. Алар менен азыр ара-тородо саламдашып, амандашып калганыбыз болбосо өтө ысык болуп, ынак мамиледе деле эмесмин. Албетте, жазган макала-маектерин чогултуп, келечекте жыйнак чыгарсак да жаман болбос эле. Мындай идеяңа рахмат, Кудай буюрса эстелик болуп калчу иштер келечекте жакындары тарабынан ишке ашып калар деген үмүттөмүн. Бул жагын сөзсүз ойлонуп, сүйлөшөбүз деген тилегим бар.

-Келечекте улуу устаттын руху ыраазы болоорлук кандай эскерүү иш-чаралары жүз берип турса деп ойлойсуз? Ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча кандайдыр бир аракеттер көрүлдүбү?

-Мындан туура 5 жыл мурун Бабырбектин көзү өткөндөн кийин 70 жылдыгын саясатчылардын, журналисттердин, ондогон шакирттери жана жердеш, достору менен биргеликте өткөргөнбүз. Элесин эскерип, Куран окутканбыз. Ысымын түбөлүккө калтыруу максатында чындыкты жазган журналисттердин, граждандык активисттердин арасында атайын Бакемдин атындагы сыйлыктарды уюштуруп, аны жыл сайын берип турууну демилгелегенбиз. Ал сыйлык дагы андан бери токтоп турат. Тагыраагы, уулу Равшан ошондон бери камакта. Кудай жардам берип ал эркиндикке чыгып калса бул иштерди жандантабыз деген ойдомун. Мындан тышкары Таластагы өзү туулган айылга ысымын бир көчөгө берүү боюнча демилгелер көтөрүлгөн. Ал идея да көтөрүлгөнү менен азырынча “тоңгон боюнча” турат. Бул иштин өтөөсүнө чыгууга деле батыл аракеттер болбоду. Дегинкиси, кандай гана кыйынчылыктар болбосун бирок, биз алдыда Бакемдин элесин эскерүү жаатындагы иштерди токтотпой, анын өрнөктүү өмүрүн муундан-муун алмашкан окурмандар журту менен биргеликте эскерип турмакчыбыз.

-Уул-кыздарына түшкөн азыркыдай сыноодо руху менен да тынч жата албай жаткандыр. Дегеним, түшүңүзгө кирип калабы?..

-Албетте, түшүмө кирип турат. Уул-кыздарына түшкөн азыркыдай сыноолор анын көзү тирүү болгондо мынчалык болбойт беле деп ара-тородо пендечиликке салып, ар кайсы ойлорду ойлоп коем. Анын саясатчылар менен журналисттер арасында кадыры жаман эмес болчу. Өзгөчө азыркы бийлик башындагылар менен да жакын ымалада болуп, Садыр Нургожоевичтин оор күндөрүндө адвокаты болгон.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X