Талант Мамытов: «Экоактивисттерди колдоо керек»

14-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 32

13-мартта, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Кыргызстан географиялык коомунун II съездине катышты. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган коом география тармагындагы адистерди, экологдорду, саякатчыларды, коомдук ишмерлерди жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүн бириктирген уюм болуп эсептелет.

Төрага  экологияны коргоо дүйнө жүзүндө актуалдуу жана маанилүү маселелердин бири экенин белгиледи.

“Кыргызстанда быйылкы жыл «Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп аталды. Анткени, бүгүнкү күндө адам баласынын жаратылышка тийгизген терс таасири эң жогорку катастрофалык деңгээлге чейин жетти десек болот. Кыргызстанды байырлап келген ак илбирс, Тянь-Шань күрөң аюусу, “Марко Поло” тоо текеси, кызыл китепке катталган Баткендеги Айгүл гүлү сыяктуу сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрү жок болуп кетүү коркунучунда. Ал эми жер-жерлерде браконьерлер менен күрөшүү, таштандылардан тазалоо жана кайталангыс табиятыбызды коргоп калуу зарылчылыгы пайда болууда. Бул үчүн аймактарда иш жүргүзүп келе жаткан биздин экоактивистерибизге мамлекеттик органдардын колдоосу өтө керек», — деди Мамытов.

14-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X