Талантбек Бекташов жаңы кызматка дайындалды

28-июнь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34

Талантбек Бекташов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды.

Министрликтен билдиришкендей, кечээ, 27-июнда Бекташов эмгек жамаатына тааныштырылды.

Талантбек Бекташов 1986-жылы туулган, жогорку билимдүү. Буга чейин президенттин администрациясынын Укуктук камсыздоо бөлүмүндө бөлүм башчы – жетекчинин орун басары болуп иштеген.

28-июнь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X