Талантбек Эдилов Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды
Эдилов Талантбек Расабекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды. Тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске сала кетсек, Талантбек Эдилов буга чейин Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп эмгектенген.