Талапкердин көмүскө кирешелери табылды
Германиянын канцлерлигине “Союз-90/Жашылдар” партиясынан талапкер Анналена Бэрбок жагымсыз жаңжалга кириптер болду. Партиядан алган сыйакылары тууралуу маалыматтар ачыкка чыгып, талапкердин жана партиянын кадырына доо кетти. А.Бэрбок сыйакылары тууралуу салык кызматына билдирген эмес. Ал 2018-2020-жылдары өз партиясынан кошумча акы жана сыйлыктар катары 25 222евро алган. Германияда үй-бүлөсү жок жарандын жылдык орточо кирешеси 24 миң еврону түзөт.