"Эркин-Тоо"

Талас облусунда сүттүн баасы арзан болууда

Талас облусунда сүттүн баасы башка аймактарга салыштырмалуу арзан болууда. Фермерлер буга нааразы болуп жатканын депутат Марат Мураталиев жыйында айтып чыкты.

«Сүттүн баасы боюнча маселе буга чейин көтөрүлгөн. Жакында эле иш сапары менен Талас облусуна барып келдик. Ал жакта башка облустарга салыштырмалуу сүттүн баасы арзан, тагыраагы, 22 сомдон болууда. Ушул маселени карап, чечип берсеңиздер. Эл бааны жогорулатууну абдан суранып жатышат. Апалар ыйлактап жатышат. Чындыгында айылдагы элдин караганы эле сүт», — дейт ал.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!