Тапкан пайдага жараша салык төлөөнү кепилдик кылат
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Ажыбаев Майрамбек Рысмендиевич менен жаңы салык кодексинин айланасында маек курдук.
Майрамбек Рысмендиевич, жаңы салык кодексин иштеп чыгууга кандай зарылдык болду?
Мезгил талабынан улам салык мыйзамдарын олуттуу түрдө өркүндөтүү зарылдыгы бышып жетилди. Бизнес чөйрөсүндөгүлөр жана эксперттик коомчулук менен талкуу жүргүзүлгөндөн кийин төмөнкүдөй негиздемелер боюнча Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу чечими кабыл алынган:
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга адаптациялоо зарылдыгы;
- Салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнү андан ары өркүндөтүү;
- Ишкердик ишин жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу;
- Соңку 10 жыл ичинде Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген 130 мыйзамды, салыктык башкаруудагы заманбап практикалык ыкмаларды эске алуу менен укуктук, техникалык жактан өркүндөтүп иштеп чыгуу.
Жаңы Салык кодекси жагымдуу инвестициялык климатты түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, таза атаандаштык үчүн шарттарды жана мыйзамсыз сооданы аныктоону камсыздайт.
Киргизилген өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана ата мекендик продукцияны тышкы рынокко чыгаруунун натыйжалуу инструменттерин түзүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган.
Салык кодексиндеги эки салык режими боюнча түшүндүрмө берсеңиз?
Салык кодексинде салык салууга карата эки негизги мамиле каралган: жалпы салык жана атайын салык режими.
Атайын салык режимине патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык, эркин экономикалык аймактарда иштегендер үчүн салык режими, жогорку технологиялар паркы жана майнинг салыгы, электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салыктар кирет.
Эгер ККМди милдеттүү түрдө колдонуу боюнча талаптар аткарылганда товар жүгүртүүсү ү миллионго чейинки ишкерлер быйыл эч кандай салык төлөшпөйт.
Ал эми товар жүгүртүүсү же кызмат көрсөтүү көлөмү ү миллиондон 30 миллион сомго чейинкилер айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүштүк чөйрө жана соода үчүн накталай формада 4%, накталай эмес формада 2% салык төлөйт.
Ал эми 30 миллион сомдон ашкан учурда кандай салыктар алынат?
Учурда 30 миллион сомдон ашык жүгүртүүсү бар ири бизнестин субъекттери жалпы салык режиминде иштешет.
Жалпы салык режиминде киреше салыгы, сатуудан алынуучу салык, кошумча нарк салыгы (КНС) сыяктуу негизги салыктар каттоо босогосу жок каралат, башкача айтканда, бул режимдин бардык субъекттери КНС төлөөчүлөр болот.
Жогоруда атайын салык режимине патенттин негизиндеги салык кирет деп айттыңыз. Патент менен кимдер иштей алат жана аларга кандай негизде салык чегерилет?
Мурда милдеттүү жана ыктыярдуу патент деп экиге бөлүнчү. Милдеттүү патентке мурунку салык кодекси боюнча валюта алмаштыруучу пункттар, ломбарддар, стоматология, сулуулук салону, унаа жуучу жайлар жана башкалар болуп 10 түрү каралган . Азыр булардын баары атайын салык режимине кирип калды. Себеби, милдеттүү патент жоюлуп, ыктыярдуу патент калды. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги иштин түрлөрү оптималдаштырылмакчы. Аны менен иштеген жеке ишкерлерге болжолдуу товар жүгүртүүсүнө, жайгашкан ордуна жараша салык ченемдери коюлат. Мисалы “Дордой” базарында борбордук өтмөктөрдө соода көлөмү чоң болгондуктан алардын патенти ү миң сом болсо, чет жактары 1000 сомду түзөт. Салык чегерүүдө хронометраж деген түшүнүк бар. Мисалы, базарда 100 контейнер болсо анын он чакты контейнерине салыкчылар отуруп, хронометраж жасайт. Бир күндө орточо канча акча түшөт, тапкан пайдасы канча жана башка учурлар эске алынып орточо эсебин чыгаруу менен патент баасы чыгат.
Ушул жерде экономикалык иш жүргүзүү үчүн аянтты, анын ичинде базарлардагы (чакан рыноктордогу), соода борборлорундагы жана үйлөрдөгү соода орундарын ижарага берген субъект ижара келишиминде ижарачы милдеттүү түрдө ККМди колдонуу талабы белгилениши керектигин айта кетким келет. Талапты аткарбоо келишимди бир тараптуу тартипте бузууга алып келет.
Аймактарда деле кичине эмес соода борборлору бар. Аларга кандайдыр жеңилдиктер каралганбы?
Алар да патент менен иштешет. Калктын саны, жайгашкан жерине жараша салык өлчөмдөрү белгиленет. Аймактардагылар үчүн патент арзаныраак каралган.
Коомдук тамактанууга ү% салык салууга нараазылык болуп жатат. Бул чындап эле көп эмеспи?
Бул боюнча маалымат алдым. Аны 6%га түшүрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү үстүндө иш жүрүп жатат.
Айыл жериндеги дыйкан-фермерлер үчүн баягыдай эле жер салыгы калдыбы?
Айыл чарба салыгы алынып ташталды. Соцфонддун гана төлөмдөрүн төлөшөт. Мына, шаарда товар сатсаңыз товар жүгүртүүңүз ү миллионго жетпесе бир тыйын да салык төлөбөйсүз. Айылда жер иштетсеңиз жер салыгын төлөбөйсүз. Бул дал ошол кичи ишкерчиликке колдоо болуп жатпайбы. Дагы бир белгилеп койчу жакшы нерсе, тигүү тармагы үчүн бирдиктүү салык боюнча төмөндөтүлгөн ченем кирди. Тигүү тармагы 2027-жылдын 1-январына чейин жалпы товар жүгүртүү көлөмүнөн 0,25% өлчөмүндө гана салык төлөйт.
Демек, салык төлөөчүлөр үчүн реалдуу жана ыңгайлуу салык ченемдери киргизилиптир. Анда эмнеге нараазылыктар болуп жатат деп ойлойсуз?
Көбүнчө түшүнбөстүктөр болуп жатат окшойт. Бирок, бул салык кодекси салык төлөөчүлөргө тапкан пайдаңа жараша салык төлөөнү кепилдик кылат. Мисалы, бүгүнкү күнгө чейин “Дордойдо” 1-өтмөктө дүңүнөн саткан сатуучу менен чекене соода кылган адамдын патенттик ставкасы бирдей болчу. Өтө чоң көлөмдө соода кылып, чоң пайда көргөн адам менен чекене соода кылып анча-мынча пайда көргөн адамдан бирдей салык алуудан кетип жатабыз. Бир айлык товар жүгүртүү көлөмү ү миллион сомго жетпесе эч нерсе төлөбөгүлө деп жатат. А эгер чоң көлөмдө товар жүгүртүүң болсо, ошого жараша салык төлөшү керек.
Президент “Дордой” жана Ош базарларына барганда атайын тиркемени смартфонго жүктөп алып иштей берсеңер болот деп айтты. Мына ушул тиркеме боюнча айтсаңыз? Кассалык көзөмөлдөө машинанын эки түрү бар – аппараттык жана программалык. Аппараттык кассалык машиналар соода түйүндөрүндөгү маалыматтарды онлайн өткөрүп берүүчү аппарат болуп саналат. Ал эми программалык кассалык аппарат булар өздүк компьютерге, планшетке, уюлдук телефонго жүктөп алып, колдонгонго тиркеме катары иштелип чыккан. Ал акысыз эле жүктөлүп алынат. Азыр программалык кассалык аппараттарды 17 чарбалык субьект тейлеп жатат. Бул ишкерлер үчүн эң жеткиликтүү альтернатива катары кассалык аппараттын ролун аткарат. Бүгүнкү күндө кассалык чектер кагаз жана электрондук болуп эки түргө бөлүнөт. Электрондук чектерди кардарлардын уюлдук телефонунун номерине смс катары же электрондук дарегине жиберсе болот. Эгерде ишкер программалык кассалык аппаратты иштетип жаткан учурда кардар кагаз түрүндө чекти сураган учурда чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуусу керек. Принтер кымбат деле эмес, 1000 сомго сатып алууга болот.
Министрлер Кабинетинин тапшырмасынын алкагында ККМди соода түйүндөрүндө жайылтуу максатында бүгүнкү күндө мамлекеттик үлүшү бар «РСК банк», «Айыл банк» жана «Керемет банк» банктарына 9 миң даана гибриддик ККМ (пост терминал жабдыгы орнотулган) жайылтуу тапшырмасы берилген. Учурда РСК банкы тарабынан 1300 гибриддик ККМ сатылып алынды. Ошондой эле Керемет банкы 1000, Айыл банкы 3000 даана сатып берип, ишкерлердин соода түйүндөрүндө орнотуу иштери жүрүүдө. Андан сырткары да бүгүнкү күндө Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 10 000 даана ККМ сатып алуусу үчүн 221 млн сом бюджеттен бөлүү маселеси каралып жатат.
Бегим ТУРДАЛИЕВА