Тарыхый жеңиш: Кыргызстан көкпардан чемпион болду
Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Кыргызстан менен Казакстандын курамаларынын финалдык беттеши өттү.
Жыйынтыгында Кыргызстандын командасы Казакстанды 7:2 эсебинде жеңип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча чемпион аталды.
Кыргызстандын курамасынан салымдарды Дастан Русланов — үч жолу, Манас Ниязов — эки жолу, Өмүрбек Эсен уулу жана Исхак Бекболот уулу бирден киргизишти.
Финал курч мүнөздө өтүп, эки команданын улакчылары ат үстүндө чеберчилигин көрсөтүштү. Беттешти трибуналарды толтурган күйөрмандар кызуу колдоп турушту.