Тарзанды аткарган Жозеф Лара авиакырсыкта набыт болду
“Тарзан: окуялардын таржымалы” телесериалында Тарзандын ролун аткарган америкалык актёр Жозеф Лара авиакырсыкта мерт болгондугун ТАСС агенттиги маалымдады. Ал түшкөн Cessna C501 самолёту ишемби күнү Теннесиден Флорида штатына учуп баратып көлгө кулады. Бадыгы болуп бул кырсыкта жети адамдын өмүрү кыйылды.