Таш капкан план

Германиянын Шпенг шаарында Volksbank банкынын машина токтоочу жайында плиткаларды алмаштырып жаткан жумушчулар банкты тоногусу келгендердин арам ойлорун таш каптырды деп билдирди ТАСС агенттиги. Жумушчулар парковканын алдынан банкты карай салынган узундугу 8 метр, кеңдиги 1 метрлик тоннелди табышкандыгы тууралуу 19-майда Der Spiegel басылмасы кабарлаган.

Volksbankтын өкүлүнүн божомолунда карасанатайлар банкты 23-майда тономок болушкан. Учурда полиция аларды издеп жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X