Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында өткөн «Музыкалык билим берүү: дүйнөлүк масштабда бирдиктүү мейкиндикке карай» аттуу эл аралык форумга катышты.
Форумдун жүрүшүндө музыкалык жана көркөм билим берүүнү өнүктүрүү, билим берүү программаларын заман талабына ылайык жаңылоо, чыгармачыл билим берүүнү санариптештирүү, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Союзбек Надырбеков музыкалык билим берүү кесипкөй кадрларды даярдоодо гана эмес, маданияттар аралык байланышты бекемдөөдө, жаштарды тарбиялоодо жана маданий мурастарды сактоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан жана башка өлкөлөр менен музыкалык жана көркөм билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экени айтылды. Тараптар студенттер менен окутуучуларды алмашуу программаларын өнүктүрүү, мастер-класстарды, конференцияларды жана чыгармачыл долбоорлорду биргелешип уюштуруу боюнча сунуштарын билдиришти.