Таза аба – коопсуз келечектин кепилдиги

15-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 197

16-сентябрь – Эл аралык озон катмарын коргоо күнү. Бул дата адамзаттын Жерди зыяндуу ультракызгылт көк нурлардан коргогон озон катмарынын маанисин дагы бир ирет эске салат. Быйылкы жылдын темасы – “Планетаны муздатуу үчүн глобалдык аракеттер”. 2026-жылы Кигали түзөтүүсүнө 10 жыл толуп, дүйнөдө туруктуу жана энергияны үнөмдөгөн муздатуу системаларына өтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Кигали түзөтүүсү Монреаль протоколунун алкагында гидрофторкөмүртектерди (ГФУ) кыскартууга багытталган. Анткени бул заттар озон катмарына түздөн-түз зыян келтирбегени менен, алар күчтүү парник газдары болуп саналат. Ошондуктан муздатуу тармагындагы заманбап, экологиялык жактан коопсуз технологияларга өтүү климаттын өзгөрүшүн басаңдатууда маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет. Биз мына ушулар жана озон катмарын коргоо, климаттын өзгөрүшү тууралуу инженер-эколог Айгүл Ырсалиева менен маектештик.

– Быйылкы жылдын темасы “Планетаны муздатуу үчүн глобалдык аракеттер” деп аталып жатыптыр. Бул эмнени билдирет? Ошондой эле озон катмары менен климаттын өзгөрүшүнүн ортосунда кандай байланыш бар?
– Бул тема озон катмарын коргоо менен катар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө чакырат. “Планетаны муздатуу” дегенде Жерди түз маанисинде муздатуу эмес, анын ысып кетишин азайтуу деп түшүнсөк болот. Бул үчүн атмосферага зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын азайтып, энергияны үнөмдөгөн жана экологияга зыяны аз технологияларды колдонуу зарыл. Озон катмары Жерди Күндүн зыяндуу ультракызгылт көк нурларынан коргойт. Ал эми климаттын өзгөрүшү негизинен атмосферада парник газдарынын көбөйүшүнө байланыштуу. Экөө эки башка маселе болгону менен, айрым учурда бири-бири менен байланышат. Мисалы, гидрофторкөмүртектер – ГФУлар озон катмарын бузбайт, бирок климаттын ысышына күчтүү таасир этет. Ошондуктан аларды азайтуу абдан маанилүү.

– 2026-жылы Кигали түзөтүүсүнө 10 жыл болот экен. Анын негизги максаты эмнеде?
– Кигали түзөтүүсү 2016-жылы Монреаль протоколунун алкагында кабыл алынган. Анын негизги максаты – климатка күчтүү таасир эткен ГФУларды этап-этабы менен азайтуу. Бул заттар муздаткычтарда, кондиционерлерде жана башка муздатуу жабдууларында кеңири колдонулат. Ошондуктан аларды айлана-чөйрөгө зыяны азыраак заттар менен алмаштыруу жана энергияны үнөмдөгөн технологияларга өтүү маанилүү. Мындай чаралар климаттын өзгөрүшүн жайлатууга гана эмес, энергияны үнөмдөөгө жана айлана-чөйрөнү коргоого да жардам берет. Бул үчүн жаңы технологияларды киргизүү менен бирге, эски муздатуу жабдууларын туура чогултуу жана кайра иштетүү системасын да жакшыртуу зарыл. Ошондой эле бул багытта адистерди даярдоо жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу чоң мааниге ээ.

Гидрофторкөмүртектер кайсы жерлерде колдонулат, ал эмнеси менен зыяндуу жана “Туруктуу муздатуу” деген түшүнүк эмнени билдирет?
– ГФУлар негизинен муздаткычтарда, кондиционерлерде, жылуулук насосторунда жана башка муздатуу системаларында колдонулат. Алар озон катмарына түздөн-түз зыян келтирбейт. Бирок атмосферага чыгып кеткенде күчтүү парник газдары катары климаттын жылышына таасир берет.
Ошондуктан муздаткыч заттардын сыртка чыгып кетишине жол бербөө, техниканы туура пайдалануу жана экологиялык жактан коопсуз альтернативаларды колдонуу маанилүү.
Туруктуу муздатуу – адамга керектүү салкындатууну камсыз кылуу менен бирге жаратылышка мүмкүн болушунча аз зыян келтирген система. Башкача айтканда, климатка таасири аз муздаткыч заттар колдонулуп, электр энергиясын үнөмдөгөн жабдуулар тандалышы керек. Бул жерде экология менен энергияны үнөмдөө бири-бири менен тыгыз байланышта.

Үйдө колдонулган муздаткыч менен кондиционердин да айлана-чөйрөгө таасири барбы? Аларды жөн эле таштандыга чыгарып салуу туура эмеспи?
– Ооба. Бул жерде жабдуунун электр энергиясын канча керектегени жана анын ичинде кандай муздаткыч зат колдонулганы маанилүү. Ошондуктан жаңы техника сатып алууда энергияны үнөмдөгөн моделдерге артыкчылык берген туура. Ал эми эски муздаткыч же кондиционерди өз алдынча бузуп, ичиндеги заттарды абага чыгарууга болбойт. Мындай иштерди адистер аткарышы керек. Анткени анын ичинде айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон муздаткыч заттар жана башка компоненттер бар. Ошондуктан эски техниканы атайын тартипте чогултуп, муздаткыч затын коопсуз алып, андан кийин кайра иштетүү же зыянсыздандыруу зарыл. Бул талаптар сакталбаса, зыяндуу заттар абага чыгып, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет.

– Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?
– Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, климаттын өзгөрүүсүнүн таасири күчтүү сезилет. Абанын температурасынын жогорулашы мөңгүлөргө, суу ресурстарына, айыл чарбасына жана жаратылышка таасир этүүдө. Ошондуктан климаттын өзгөрүшү бизден алыс турган маселе эмес. Анын таасирин азыртан сезип жатабыз жана келечекте бул көйгөй дагы да олуттуу болушу мүмкүн. Айрыкча суу тартыштыгы, кургакчылык жана аба ырайынын кескин өзгөрүшү сыяктуу көрүнүштөргө көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Бул багытта жаратылышты коргоо менен катар ар бирибиз ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга аракет кылышыбыз керек.

– Ар бир жаран планетаны коргоого кандай салым кошо алат? Ошондой эле жаштардын азыр экологиялык маселелерге кызыгуусу кандай?
– Ар бир адамдын салымы маанилүү. Электр энергиясын үнөмдөө, керексиз учурда жарыкты жана техниканы өчүрүү, энергияны аз керектеген жабдууларды тандоо, кондиционерди туура пайдалануу күнүмдүк жашоодогу жөнөкөй аракеттер. Эң негизгиси жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени адатка айландыруубуз зарыл. Ал эми азыр жаштар бул темага мурдагыдан көбүрөөк кызыгып жатат. Алар жаңы технологияларды тез өздөштүрөт жана чыгармачыл идеяларга бай. Биз жаштарды жөн гана маалымат алуучу эмес, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө өз салымын кошо турган активдүү күч катары көрүшүбүз керек.

– Кыргызстан үчүн жакынкы жылдары кайсы иштерге өзгөчө көңүл буруубуз зарыл?
– Муздатуу тармагын жаңылоого, энергияны үнөмдөгөн жана климатка таасири аз технологияларды жайылтууга көңүл буруубуз керек. Ошондой эле бул тармактагы адистерди даярдоо, техникалык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана калктын экологиялык маалымдуулугун арттыруу маанилүү.

Озон катмарын жана климатты коргоо бир гана адистердин иши эмес. Бул жалпыбызга тиешелүү жоопкерчилик. Ар бирибиз энергияны үнөмдөп, техниканы туура колдонуп, жаратылышка аяр мамиле кылуу менен өз салымыбызды кошо алабыз. Бүгүнкү жөнөкөй аракеттерибиз – эртеңки таза жана коопсуз келечектин пайдубалы.

Маектешкен Бактыгүл Кулатаева

15-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 197
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X