«Таза Сосновка» муниципалдык ишканасына 23 миң сом айып пул салынды

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Жайыл районуна караштуу Сосновка айылындагы таштанды таштоочу жайда чыккан өрт фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, «Таза Сосновка» муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.Возможно, это изображение учеба и текст

Мындан тышкары, муниципалдык ишкананын өкүлдөрүнө таштанды таштоочу жайларда өрттүн чыгышына жол бербөө, экологиялык талаптарды так сактоо жана мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X