«Тазалык» кар тазалоо иштерине толук даяр
Бишкекте күтүлүп жаткан карга байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы атайын техникаларын жана кызматкерлерин толук даярдыкка келтирди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар көчөлөрүн жана жолдорун кардан тазалоого 114 атайын техника тартылат. Алардын арасында 55 кар тазалоочу унаа, 34 трактор, жүктөгүчтөр жана башка атайын техникалар бар.
Мындан тышкары, жолдорду тазалоого 50 кызматкер, аялдамаларды, тротуарларды жана аларга чектеш аймактарды тазалоого 954 жумушчу жана 197 жүк жүктөгүч кызматкер тартылат.
Тазалоо иштери биринчи кезекте негизги магистралдарда, коомдук транспорт каттаган көчөлөрдө жана муз тоңуу коркунучу жогору тилкелерде жүргүзүлөт.
Музга каршы күрөшүү үчүн ишкананын кампасында 6 миң 769 тонна техникалык туз бар.
Мэрия айдоочуларды ылдамдыкты сактоого, жолдо этият болууга жана кар тазалоочу атайын техникалардын ишине тоскоолдук жаратпоого чакырды.