«Teach for Kyrgyzstan – Заманбап мугалим» программасына кабыл алуу башталды

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Билим 71

Агартуу министрлиги «Teach for Kyrgyzstan – Заманбап мугалим» программасына ачык кабыл алуу башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, программа аймактардагы мектептерди колдоого жана жаңы муундагы мугалим-лидерлерди даярдоого багытталган. Ага педагогикалык тажрыйбасы жок, бирок билим берүү тармагында иштөөгө кызыккан жогорку билими бар жарандар катыша алышат.

Катышуучулар эки жыл бою айылдардагы жана чакан шаарлардагы мектептерде иштеп, ошол эле учурда заманбап мугалимдик жана лидерлик көндүмдөрдү өздөштүрүшөт. Программанын алкагында Борбор Азиядагы Эл аралык университети менен биргеликте уюштурулган акысыз магистрдик программада окууга мүмкүнчүлүк берилет.

Программага кабыл алынгандарга расмий жумушка орношуу, стипендия, насаатчылык жана методикалык колдоо көрсөтүлөт. Өтүнмөлөр 2026-жылдын 25-майына чейин кабыл алынат.

Өтүнмө берүү www.teachforkyrgyzstan.org сайты аркылуу жүргүзүлөт.

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Билим 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X