Тендер жоюлабы?
Мындан эки жыл мурда Президент “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” жаңы мыйзамга кол койгонун билебиз. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү механизми жокко чыгарылган. Бирок, тендерлер эмнегедир жок болгон эмес. Жакында Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу тендердин айынан курулуштун баары кармалып жатканын айтып, түз сатып алуу боюнча мыйзам долбоорун тез арада даярдоо керектигин белгилеген. “Тендердин «Т» тамгасы да калбашы керек. Кечээ Президент менен сүйлөштүм, жыйынтыгында мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, тендер дегенди таптакыр жок кылуу керек деген бүтүмгө келдик» деген.
Ушул жумада Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үч окууда колдоо тапты. Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети – мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу болуп саналат.
Алсак, мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан ченемдер мамлекеттик сатып алуулар процесстерин оптималдаштырууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталып, сатып алууларды аткаруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык заказчы менен аткаруучунун ортосунда жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу менен жүзөгө ашыруу сунушталат. Мыйзам долбоорунда мамлекеттин маанилүү жана стратегиялык милдеттерин аткаруунун алкагында мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мамлекеттик тапшырма түшүнүгү да киргизилүүдө.
Негизи, тендер деген нерсе коррупциянын очогу болуп калганы айтылып келет. “Жең ичинен” сүйлөшкөндөр жеңишке жеткени боюнча ММКларга чыгып, бир нече аткаминер да кармалган. Ошондой эле тендер өткөрүүдө далай убакыт текке кетери, зарыл сатып алына турган нерселер кечигип, чоң чыгымдар жаралары да адистер тарабынан белгиленип келе жатат. Айтор, түйшүгү оор, иши машакат болгон тендерди жоюу эми ишке ашканы калды окшойт. Жакшылыктан үмүт артып туралык.
Кылычбек Кудайбергенов