Отуз төрт жыл мурда Жогорку Кеңеш тарабынан «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланган. Мыйзамдын күчүнө кирип, эне тилге мамлекеттик макам берилгенине 34 жыл болгон болсо да, чейрек кылымдан ашык мезгил өткөнүнө карабай, өлкөбүздө дээрлик көп нерсе өзгөргөн жок. Тескерисинче, кыргыз тилинин иш кагаздарда, аны менен катар адамдардын өз ара сүйлөшүүсүндө жарым-жартылай же кээ бир учурда такыр колдонулбаганы бир четинен өкүнүчтүү, экинчи жагынан намыска тийе турган нерсе.
КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ КӨЙГӨЙ БОЛБОЙТ ДЕГЕН ИШЕНИМ БАР ЭЛЕ
Өлкө эгемендүүлүгүн алгандан кийин «кыргыз тилинде эч кандай көйгөй болбойт, буюрса өз тилибиз катары бат калыптанат» деген ишенимдер бар болчу. Чын-чынына келгенде ушундай болдубу? Иш кагаздарын айтпаганда да жыйындардын бардыгы кыргызча уюштурулуп, жазылдыбы? Же болбосо азыр деле кыргыз тили өгөйлөнүп жатабы? Тилекке каршы, кыргыз тили жөнүндө мыйзам кабыл алышканда көптөгөн кайчы пикирлер болгон. «Биз даяр эмеспиз», » шашылыштын кереги жок» деген сыяктуу шылтоолор менен иш кагаздардын, жыйындардын, окуу программаларынын кыргызча болуусуна каршы болгондор да чыкканы маалым. 2003-жылы референдум аркылуу орус тилинин расмий тил катары бекитилиши да өзүнүн таасирин тийгизбей койгон жок. Анан бизде кош тил пайда болуп, азыркы тапта дээрлик баары орус тилинде даярдалып келет. Өзгө тилди колдонуу, баарлашуу, албетте, жакшы. А бирок күндөн-күнгө эне тилибиз артта калып, улуту кыргыз болуп туруп өзүнүн эне тилин билбегендерди кезиктиргенде заманаң таарып кетет.
Мындай жагдайдын жаралышына ким күнөлүү? Тирегибиз болгон тилибиздин ушундай акыбалга келишине биздин кайдыгерлигибиз себеп болдубу? Же «башка тилдерди үйрөнүшүм керек» деп жатып кыргыз тилин унутуп калганыбызбы? А балким, ата-эненин өз балдарына берген тайкы тарбиясы себептир. Билим берүү системасында көрүнбөгөн көйгөйлөр көмүлүп жаткандыр, мүмкүн?
Ар бир улут өз тили болмоюнча өспөйт, өнүкпөйт. Дүйнөгө таанылбайт. Тилсиз журт тамыры жок дарак сыяктуу. Бирок азыркы учурдагы кыргыз тилинин абалы адамдын үрөйүн учуруп, жанын кейитет. Мисалга, жакында социалдык тармактарда тараган соттук отурумдагы сот менен күбөнүн ортосундагы сүйлөшүүнүн видеосу көпчүлүктүн көңүлүн бурдурбай койгон жок. Ал видеодо күбө болгон окуяны кыргызча түшүндүрүп берип жатканда, сот ага карап «Пожалуйста, объясните по-русски. Я не понимаю кыргызский»-, деп, ал кишиден орусча түшүндүрүп берүүсүн талап кылган. Бул жагдайды кээ бирөөлөр капарына албашы ыктымал. «Азыр орусчаны билбегендер да бар бекен, билиши керек да» дегендер четтен чыгат.
Бүгүнкү күндө кыргыздын каны-жаны болгон тилдин расмий туулган күнү 1989-жылдын 23-сентябры экениндигинен көпчүлүктүн кабары деле жок. Бар болгону, ошол күнү «бүгүн кыргыз тили кабыл алынган күн» деп эстеп коюшат. Ал эми биз улутубуздун өзөгү, жүрөк-тамыры болгон эне тилибиз кабыл алынган күнү кубанып, жетинчи кабатка учабызбы, көкүрөгүбүздө болгон сүйүү дагы да күчөйбү, жаш бала энесинин үнүн укканда кубанганындай кубанабызбы? Бир эле ушул күнү эмес, ар дайым өзүбүзгө тиешелүү болгон тилибиздин бар экенине шүгүр келмесин келтирип, бактылуу адамдардан экенибизди сезебизби? Менимче, мындай сезимдер жай гана унутулуп, тим болот.
ТИЛГЕ КАЙДЫГЕР АКАДЕМИГИН, МИНИСТРИН, ДЕПУТАТЫН КӨРДҮМ..
Тил көйгөйү тууралуу публицист-окумуштуу Советбек Байгазиев өтө кайгыруу менен айтып отурбайбы минтип: «Кыргыз тили пенделеринин кайдыгерлигинен азап чегип, өз Ата мекенинде арыш керип өркүндөп өсө албай отурат. Мен Кыргызстандан тилге кайдыгер академигин, министрин, депутатын көрдүм. Эне тилин унуткан, эне тилим дебеген акимди көрдүм. Эне тил деп күйбөгөндү Оштон көрдүм, ошондой эле немени соттон көрдүм. Эне тилин сүйбөгөндү Чүйдөн көрдүм, ошондой эле манкуртту үйдөн көрдүм».
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов: «Тил жөнүндө сөз эң оболу улут жөнүндө сөз дегендик. Кайсы улут болбосун, анын түбөлүктүүлүгү тилинде. Кыргыз тили кыргыз баласына эненин сүтү менен бир келген катары кабылданат. Тилге кыянатчылык кылуу – демек, ал улутка кыянатчылык кылган менен тең катар бааланышы керек», — деп баса белгилеген жайы бар.
Бүгүнкү күндө «тилди өнүктүрүш керек» деген сөздү көп угуп, социалдык тармактардан кездештирип жүрөбүз. А ошол өсүп-өнүгүү ар бир жаранга, үй-бүлөгө да байланыштуу эмеспи? Эгерде биз балдарыбызды кыргыз мектебине бербесек, үй-бүлөдө кыргызча сүйлөбөсөк, аларга элдин баалуу каада-салттарын, ата-бабаларыбыздын өз эне тилин коргош үчүн кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн, анын маанилүү жана ыйык экенин түшүндүрбөсөк алар каяктан билишсин, кимден үйрөнүшсүн? Кыргыз тилин өркүндөтүү ага камкордук көрүүдөн, баалуулугун сезип билүүдөн башталат.
Тил-бул адамдын дили
Дүйнө жүзү боюнча болжол менен 6700дөн ашуун тил катталган. Эгерде окумуштуулардын маалыматына таянсак, ар бир 14 күндө дүйнөдө бир тил жоголуп кетүү коркунучунда экен. Ал эми учурда биздин тил алардын катарына кошулабы? Тил качан жоголот? Тил колдонулбай калганда жоголот. Тил качан колдонулбай калат? Үй-бүлөдө ата-эне сүйлөбөсө, балдары да бул тилди колдоно албайт. Биздин тилди дүйнөдөгү окумуштуулар же болбосо лингвисттер жоготууга кызыкдар эмес. Анын өнүгүшүнө да алар өз салымын кошпойт. Бардык балээнин, көйгөйдүн негизги өзөгү бул өзүбүздүн колубузда бар нерсенин кадырына жетпегенибизде. Ага улай, билим тармагынын алсыздыгы, адистердин жетишсиздиги да өзүнчө бир маселе. Азыркы учурда көпчүлүк орус мектептерине басым жасашат. Мурун бул нерсе шаарга мүнөздүү көрүнүш болсо, азыр айыл жергесинде да кулачын жайып барат. Мен эмнени айткым келди? Тил — адамдын дили менен өтө жакын. Тил — бул дил да. Ал аркылуу адамдын дили өзгөрөт. Адамдын дили өзгөрсө, анын көрөңгөсүндөгү руханий байлыгы жатка айланат. Орус жазуучусу Лев Толстой: «Тилине ээ боло албаган адам, оюна да ээ боло албайт», — деп белгилеп өткөндөй, тилин унуткандар көкүрөгү көр пенденин кейпин кийери бышык. Тилибизге көңүл бурбаганыбыз, жан-дилибиз менен сүйбөй, баалабаганыбыз унутууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок ушундай коркунучтан Кудай сактасын!
Биз, бүгүнкү күндүн инсандары, Токтогул, Алыкул, Мукай сыяктуу ата-бабаларыбыз сүйлөгөн, кыйынчылыктарга карабай бизге мурас катары калтырган тилди кордоп, жан дилибиз менен коргоонун ордуна колубузду жөн эле шилтеп салуу менен, бизге берилген байлыктын баркын билбей калдык. Келечек муунга таберик кылып калтыра тургандай даражага жеткире албай, тескерисинче, ордун жоготуусуна өзүбүз жол ачып бердик. «Алдыңда аккан суунун кадыры жок» дегендей, биз да кыргыз тилинин кадырын билүү деген нерседен кыйла алыс калдык.