ТИМде жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартибине мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперттик тобу «Адилеттик команда» коомдук уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн уюштурулушуна мониторинг жүргүздү.
Мониторингдин негизги максаты — жарандардын кайрылууларын кароонун сапатын жогорулатуу, калк менен кайтарым байланышты чыңдоо жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу.
Иш-чаранын алкагында кайрылууларды өз убагында жана ар тараптуу кароо, мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы, кайтарым байланыш каналдарынын жеткиликтүүлүгү, министрликтин жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл алуунун уюштурулушу сыяктуу маселелер каралды.
Ошондой эле кайталанган кайрылууларды аныктоо жана талдоо механизмдерине, кайрылууларды кароонун мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруу жана жол-жоболордун жетиштүү деңгээлде ачык-айкын болбошу менен байланышкан коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу чараларына өзгөчө көңүл бурулду.
Эксперттик топту Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы эксперти Замир Айылчыев жетектеди. Анын курамына «Адилеттик команда» коомдук уюмунун төрагасы Нурлан Карбеков жана аталган уюмдун эксперттери кирди.
Мындай мониторингдер мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өз ара кызматташтыгын өнүктүрүүгө, жарандардын кайрылуулары менен иштөөдөгү көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды чечүү боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.
Жарандардын кайрылууларына өз убагында, толук жана негиздүү жооп берүү мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуунун жана коомдук ишенимди бекемдөөнүн маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.
Мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга мамлекеттик стратегиянын жана аны ишке ашыруу боюнча 2025–2027-жылдарга иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.