"Эркин-Тоо"

Тогуз багытты камтыган программа ишке киргизилет

 Кыргызстан 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы туристтик тармакты атаандаштыкка жөндөмдүү, туруктуу жана популярдуу кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Программа 9 багытты камтыйт.

Негизги максаттары:

  • Кыргызстанды Дүйнөлүк экономикалык форумдун туризм жана саякат жаатындагы атаандаштык индексинде алдыңкы 50 өлкөнүн катарына киргизүү;
  • туризмдин өлкөнүн ИДПсындагы үлүшүн 7% га жеткирүү;
  • чет элдик жана жергиликтүү туристтердин санын жыл сайын 10% га көбөйтүү:
  • эл аралык тоо туризминин коопсуздук рейтингинде 70 жана андан жогору баллга жетүү.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!