Төкмө акын Кубат Түкөшов: «Үй-бүлөбүздө баары дарыгер, мен акын болдум»

15-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 220

Бүгүнкү маегибиздин каарманы – жаш төкмө акын, импровизатор Кубат Тукешов. Кызыгы, ал медицина тармагында эмгектенгендердин үй-бүлөсүндө чоңойгон. Ата-энеси, чоң ата, чоң энеси да өмүрүн ак халатчан кесипке арнаган. Бирок Кубаттын жүрөгүн скальпель эмес, комуздун күүсү, төгүлүп чыккан ыр саптары багындырган. Сологой болгонуна карабай комуз үйрөнүп, төкмөлүк өнөргө кызыгып, бара-бара айтыштын чоң сахнасына аттанган. 2011-жылдан тартып эл аралык айтыштарга катышып, Түркия, Москва, Босния жана Герцеговина сыяктуу өлкөлөрдө Кыргызстандын атынан
чыгып, улуттук өнөрүбүздү даңазалап келет. Калык Акиевдин 135 жылдыгына арналган айтышта экинчи орунду ээлеген. Ошондой эле Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган жана башка бир катар айтыштарга катышып, өзүнүн курч сөзү, тапкычтыгы жана төкмөлүк чеберчилиги менен элге таанылган. Биз Кубат Тукешов менен чыгармачылык жолу, дарыгерлердин үй-бүлөсүнөн чыгып, акындык өнөрдү тандашы, сологой туруп комуз үйрөнүшү жана бүгүнкү тойлордо кыргыздын «жар салуу» салтын кайрадан жандандырып жаткандыгы тууралуу баарлаштык.

– Кубат, дарыгерлердин үйбүлөсүндө чоңоюпсуң. Дарыгерлик династияны улантпай, акындык жолду тандаганга эмне түрткү болду?

– Атам, апам, чоң атам, чоң энем, баары медицина тармагында эмгектенишкен. Ошондуктан биздин үй-бүлөнү медициналык династия десек
болот. Бирок чоң атамдын өзгөчө өнөрү бар эле. Ал комуз чертип, импровизация менен ырдап калчу. Мени көп учурда ар кандай иш-чараларга ээрчитип барчу. Чоң атамдын комуз чертип ырдаганын көрүп, элдин аны кунт коюп, суктанып угуп жатканын байкадым. Ошол көрүнүштөр жүрөгүмдө чоң таасир калтырды. Ошентип, айтыш өнөрүнө болгон кызыгуум бала кезимден башталган. Ал мага атайын «акын бол» деп айткан деле эмес. Чоң атам мага өзүнүн өнөрү менен үлгү болду. Кээде адамга сөз менен түшүндүргөндөн көрө, өзүңдүн жасаган ишиң менен үлгү болуу күчтүү таасир берет эмеспи.

– Комуз үйрөнүүдө сологой экениң тоскоолдук жараткандыр?

– Ооба, мен сологоймун. Албетте, бир топ кыйынчылык болду. Комузду үйрөнүү оңой
болгон жок. Бирок “Каалоо күчтүү болсо, кар да күйөт” дегендей, тоскоолдуктарды жеңсе болот экен. Күн-түн дебей машыктым. Башында айрым нерселер колуман келбей, кыйналган учурларым көп болду. Бирок кайра-кайра аракет кылып отуруп, комузду үйрөнүп кеттим. Талант жолду ачышы мүмкүн, бирок аны ийгиликке жеткирген нерсе – чоң эмгек экенин түшүндүм.

– Айтыш өнөрүнө биротоло келишиңе кайсы окуя себеп болду?

– 10-класста окуп жүргөндө атам мени Кыргызстан менен Казакстандын мыкты акындары катышкан эл аралык деңгээлдеги айтышка алып барды. Алардын сахнадагы өнөр
таймашын көрүп, аябай таасирлендим. Ошондо «Менин жолум ушул» деп өзүмө сөз бердим. Ага чейин ар кандай сынактарга катышып жүргөн болсом, ошол учурдан тартып айтышка олуттуу мамиле кыла баштадым.

– Айтышта акындын эң негизги куралы эмне?

– Комуз деп эле айтууга болбойт. Комуз – коштоочу аспап. Негизги курал – акыл, тапкычтык жана билим. Акын ар кандай тема боюнча ой жүгүртө
билиши керек. Тарыхты, философияны, адамдардын психологиясын түшүнүүсү зарыл. Сахнага чыкканда ким менен таймашарыңды, кандай суроо берилерин алдын ала билбейсиң. Айтышка чыккан учурда ойду тез топтоп, так жана таамай жооп берүү керек. Бул чоң машыгууну талап кылат.

– Демек, импровизация даярдалган ыр эмес турбайбы?

– Албетте, андай эмес. Сахнада ошол замат ыр жаратканың менен анын артында чоң даярдык турат. Акын дайыма издениши керек. Коомдо эмне болуп жатканын сезип, элдин көйгөйүн түшүнө билиши керек. Анткени, акын элдин үнүн жеткирген адам. Айткан сөзүң кээде күлкү жаратса, кээде курч тийип, ойго салат, кээде философиялык мааниге өтөт. Бирок кандай формада айтылбасын, анын түпкү максаты – элге ой салып, жүрөгүнө жетүү.

– Айтышта атаандаштар бири-бирин катуу сөздөр менен сындаган учурлар болот. Мындай мамиле кийин достукка таасир этпейби?

– Жок. Сахнадагы таймаш – сахнадагы таймаш. Сахнада эмне болсо, ошол жерде калат. Көшөгө артында баарыбыз доспуз. Бир дасторкондо отуруп, сүйлөшүп, көп тамашалашабыз. Чынында акындардын жакшы сапаттарынын бири – тамашалап сүйлөп, тамашаны көтөрө билүү.

– Эсиңде калган кызыктуу окуялардан айтып берсең?
– Бар. Бир жолу устатыбыз Амантай Кутманалиевдин сабагына даярданып жатканбыз. Анын комузу столдун үстүндө турган. Кезектешип чертип көрүп отуруп, бир акын комуздун мойнун сындырып алды. Баарыбыз эмне кыларды билбей калдык. Шашып кайра жабыштырып койдук. Бир аздан кийин устатыбыз кирип келди. Мен комузду колума алып, «Столдун чети кырс этти, комуздун моюну тырс этти…» – деп муңдуу обон чертип баштадым. Устатыбыз ошондо баарын түшүндү.

– Дагы бир кызыктуу нерсе, бул кесибиң экен. Эл аралык мамилелер боюнча билим алыпсың. Акындык менен дипломатияны кантип айкалыштырдың?

– Мен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөм. Келечекте дипломат болуп, өлкөмө кызмат кылсам деген да максатым бар. Бирок айтышты да таштагым келбейт. Анткени, бул мен үчүн жөн гана кесип эмес. Бул – жүрөктүн каалоосу. Ата-энем кээде тамаша менен: «Биздин үй-бүлөдө баары дарыгер, сен кайдан акын болуп кеттиң?» деп калышат. Мен аларга: Силер адамдардын ден соолугун сактайсыңар, ал эми мен адамдардын жан дүйнөсүн айыктырам. Силер скальпель кармасаңар, мен комуз кармайм», — деп жооп берем.

– Тойдун жарчысы – төкмө акындын жаңы багытыбы? Бул идея кайдан жаралды?

– «Жар салуу», «жар чакыруу» деген сөздөр эл арасында кеңири тараган. Адегенде «жар» деген сөздүн маанисин чечмелеп алсак. Ал «жарыя» деген сөздүн уңгулаш формасы катары түшүндүрүлөт. Илгери биздин төкмө акындарыбыздын баары той-топурларда жар чакырып, жар салып келишкенин китептерден көп эле окудук. Угуп калабыз. Ал кезде азыркыдай жабык жайларда эмес, кенен, ачык талааларда ат оюндарын өткөрүшкөн. Төкмө акындар ошондой чоң тойлордо жарчылык милдетти аткарышкан. Бүгүнкү тил менен айтканда, тамадалык же алып баруучулук милдетти аркалашкан десек болот. Алар элдин көңүлүн буруп, кандай оюндар болорун жар салып айтып турушкан. Мисалы, «ат оюндары башталат, күлүктөр чабылат, аламан байге болот, күрөш өтөт» деп, элдин назарын ошол иш-чараларга бурушкан. Башкача айтканда, төкмө акындар тойдун жүрүшүн коштоп, элди кызыктырып, шаңга бөлөгөн. Ал эми бүгүн андай чоң тойлордун форматы өзгөрдү, жарчылык салты да дээрлик унутулуп баратат. Азыр көбүнчө «Жар-жар» айтып, эки жашты тойго алып кирген салт калыптанды. Бирок анын түпкү мааниси мындан кыйла кеңири болгон. Биз болсо казактын белгилүү, белдүү акыны Мукагали Макатаевдин: «Акынмын деп мен кантип айта аламын, мен болгону өткөндү кайталадым. Казактын көпө кийген чапанын өзүнө кайтарамын», — деген маанидеги сөзүн кармансак, биз да жаңы нерсе ойлоп тапкан жокпуз. Болгону атабабаларыбыздын басып өткөн жолундагы жар салуу салтын заманга ылайыкташтырып, жаңыча форматта кайра
алып чыктык. Жар салуу музыкасы, шаңы, акындын тилеги, акындын ыры менен башталса экен деген ниет менен тойлорду баштап берип жатабыз. Кудайга шүгүр, эл жакшы кабыл алды. Бул таптакыр жаңы идея эмес, өткөндүн жакшы салтын кайра жандандыруу десек туура болот. Жар чакыруу менен тойдун бүтүндөй форматын өзгөрттүк деп айта албайм. Тойдун калган бөлүгү дээрлик ошол бойдон эле калды. Бирок, менимче, негизи тойлордун форматын өзгөртүүгө муктаждык бар. Азыр тойлор өтө узарып, сүйлөгөн адамдар көбөйүп кетти. Бул өзүнчө чоң
тема. Негизи кыргыздын той өткөрүү салты боюнча тарыхты окуп, китептерди казып карасаң, абдан көп кызыктуу нерселерди табууга болот. Тойго байланышкан кыргыздын
өзүнө таандык, улуттук өзгөчөлүктү айгинелеген сонун салттарыбыз бар. Азырынча жар салуу салты менен алардын четине да жеткен жокпуз. Алдыда дагы көп нерсени изилдеп, элге көрсөтүп жайылтсак деген жакшы тилектерибиз бар.

P.S. Бул макала Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Социалдык заказ” долбоорунун алкагында “Үй-бүлө институту” темасы боюнча “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити тарабынан даярдалды.

Бактыгүл Кулатаева

15-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 220
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X