Токмок шаарында 13-мартта 100 сомдон сатылган кумшекердин баасы бир күндө 15 сомго арзандады. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясы билдирди.
Учурда эки күн мурда күчтүү суроо-талапка ээ болгон кумшекер 85 сомдон сатылып жатат. Ал эми Кемин районундагы базарларда кумшекердин 1 килограммы 95 сом болууда.