Токтогул милициясы эл аралап түшүндүрүү иштерин алып барууда

29-июнь, 2022-ж. / Редакция / Коом 40

Токтогул милициясы эл аралап түшүндүрүү иштерин алып барууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы менен Токтогул районунун Токтогул шаарынан алыс жайгашкан айылдарда жашаган жарандардын кайрылуусун кабыл алуу менен бирге, тиешелүү кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусунда кооптуу делген аймактарында сууга түшүп чөгүп кетүү жана башка күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жургүзүлүүдө.

Мындан сырткары Токтогул районунун аймагында Токтогул РИИБдин Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөр  арасында кылмыштуулуктун, топтошуп мушташуунун алдын алуу максатында бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө балдардын болжолдуу чогулган жерлери текшерилип жана түнкү мезгилде жүргөн өспүрүмдөр аныкталган. Алар менен Токтогул РИИБде түшүндүрүү иштери жургүзүлүп, балдардын ата-энелерине Кыргыз Республиканын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул багыттагы иш-чаралар мындан нары да байма-бай ишке ашырылып турмакчы.

29-июнь, 2022-ж. / Редакция / Коом 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X