Токтогулда суу азаюуда
“Электр станциялар” ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата башкы резервуарда суунун көлөмү 8 миллиард 900 миллион куб метрди түздү. Суунун агып келиши секундасына 199 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 433 куб метрди түзүүдө.